Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 324

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

- Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Иманбетов Илияз Женишович чыгарылсын;

- Кадыралиев Азамат Сактанбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, Баатырова Гулнара Маришовна - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри киргизилсин;

- Джунушалиев Айбек Джанышбековичтин кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бишкек шаарынын мэри";

- Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров