Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тармактар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери КР КЧ 40-02:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык)
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Архитектура, курулуш жана турак
жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин
2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа
буйругуна ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
______________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ ЧЫГАРУУ. ТЫШКЫ ТАРМАКТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР.
ДОЛБООРЛОО ЧЕНЕМДЕРИ
Водоотведение. Наружные сети и сооружения.
Нормы проектирования
Drainage. Outdoor networks and facilities. Design standards
СНиП 2.04.03-85
жаңыртылган редакциясы
______________________________________________________________________
| Дата введения – 2023.__.__ |
1 Жалпы маалыматтар
1.1 Колдонуу аймагы
1.1.1 Бул курулуш ченемдери (КЧ) калктуу конуштардын агынды суулары үчүн тышкы саркынды сууларды чыгаруунун (саркынды сууларды чыгаруу системасынын элементтерин – канализациялык тарамдарды, канлизациялык насостук станцияларды, канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрдү кошуп), ошондой эле ѳнѳр жай ишканаларынын ѳндүрүштүк агынды сууларынын кайрадан тургузулуп жана реконструкцияланып жаткан системаларын долбоорлоонун жана куруунун ченемдерин жана эрежелерин аныктап берет.
1.1.2 Бул КЧлардын талаптары сууну пайдалануунун экологиялык коопсуз жана экономикалык оптималдуу деңгээлине жетишүүнү жана колдоону жана да калктын жана курчап турган чѳйрѳнүн жашоо шарттарын сактап жана жакшыртуу үчүн суу фондусун коргоону камсыз кылат.
1.1.3 Бул КЧлар милдеттүү талаптарды орнотуп берет, алар калктуу конуштардын, ѳнѳр жайлык, айыл чарбалык ишканалардын жана социалдык-тиричиликтик багыттагы объектилердин тышкы саркынды сууларды чыгаруунун кайрадан тургузулуудагы жана реконструкциялануудагы системаларын долбоорлоодо жана курууда бузулбай алып барылышы керек.
1.1.4 Саркынды сууларды чыгаруу системаларынын долбоорлорун иштеп чыгууда долбоорлоо жана куруу маалында аракетте турган ченемдик укуктук актылар жана ченемдик техникалык документтер жетекчиликке алынганы ылайык.
1.2 Ченемдик шилтемелер
1.2.1 КЧны колдонуу үчүн А тиркемесине ылайык негизги жана кошумча шилтемелик ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик техникалык документтердин болушу зарыл.
1.2.2 Бул КЧларды колдонууда ченемдик укуктук актылар тууралуу маалыматтык кѳрсѳткүчтѳр боюнча шилтемелик документтердин иш-аракетин ушул жылы жарык кѳргѳн маалыматтык кѳрсѳткүч (Курулуш катологу) түрүндѳгү курулуш жана архитектура жаатында Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ушул үстүдѳгү жылдын абалы боюнча жыл сайын түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын территориясында аракетте турган архитектура, шаар куруу жана курулуш чѳйрѳсүндѳгү ченемдик укуктук жана ченемдик техникалык документтердин тизмеси аркылуу текшерген максатка ылайыктуу.
1.2.3 Эгер шилтемелик документ алмаштырылса (ѳзгѳртүлсѳ), анда бул КЧларды колдонууда алмаштырылган (ѳзгѳртүлгѳн) документтер жетекчиликке алынганы ылайык.
1.2.4 Эгер шилтемелик документ алмаштыруусуз жокко чыгарылса, анда шилтеме берилген жобо бул шилтемеге тиешеси жок бѳлүгүндѳ колдонулат.
1.3 Терминдер жана аныктамалар
Бул КЧларда МАМСТ 25150, МАМСТ 19179 боюнча терминдер жана аныктамалар, ошондой эле Б тиркемесинде келтирилген, тийиштүү аныктамалары менен терминдер колдонулду.
1.4 Жалпы жоболор
1.4.1 Саркынды сууларды чыгаруунун схемаларын жана системаларын тандап алууну объекттерди агынды сууларды тазалоого карата талаптарды, климаттык шарттарды, жердин рельефин, геологиялык жана гидрологиялык шарттарды, саркынды сууларды чыгаруу системасындагы орун алган кырдаалды жана дагы башка факторлорду, аракеттеги ченемдик техникалык документтердин талаптарына ылайык долбоорлоо мѳѳнѳттѳрүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин органдарынын маалыматтарына ылайык демография боюнча калктуу конуштагы калктын санынын ѳсүшү тууралуу болжолдонгон маалыматтарды эске алуу менен жүргүзүү зарыл.
1.4.2 Саркынды сууларды чыгаруунун системаларын (тарамдарды жана коллекторлорду) долбоорлоонун жана куруунун долбоордук мезгилдери үчүн диапозону 30÷50 жыл, башкы жана ортолуктук канализациялык насостук станциялар үчүн – 10÷20 жыл жана канализациялык тазалоочу түзүлүштѳр үчүн 10÷20 жыл деп кабылданганы ылайык.
1.4.3 Долбоорлоо жана куруу маалында МАМСТ 21.608, КЧжЭ II-89 колдонулганы, ошондой эле саркынды сууларды чыгаруу объектилеринин системаларын кооперациялоонун максаткатка ылайыктуулугунун каралганы, аракеттеги түзүлүштѳрдү экономикалык жана санитардык баалоонун кѳңүлгѳ алынганы, алардын колдонулуу жана жумушунун интенсивдештирилүү мүмкүндүгүнүн каралганы зарыл.
1.4.4 Шаардык жана ѳндүрүштүк агынды сууларды тазалоону алардын мүнѳзүнѳн кѳз карандылыкта жана максималдуу кайталап пайдалануу шарты менен биргелешип же ѳз алдынчалуу жүргүзүүгѳ жол берилет.
1.4.5 Ѳнѳр жай ишканаларынын агынды сууларды чыгаруу схемасын тандап алууда кѳңүлгѳ алуу зарыл:
- технологиялык процесстерде пайда болуучу булганган агынды суулардын кѳлѳмүн калдыксыз жана суусуз ѳндүрүштѳрдү, суу чарбачылыгынын жүгүртүлүүчү жана жабык системаларынын түзүлүштѳрүн ишке киргизүү, салкындатуунун абалык усулдарын колдонуу ж.б. эсебинен кыскартуу мүмкүндүгү;
- ѳндүрүштүк агынды суулардын агымдарын айрым курамдык бѳлүктѳрдү алып чыгуу максатында жергиликтүү тазалоо мүмкүндүгү;
- сууну анын сапатына карата ар кыл түрдүү талаптары менен андан ары карай пайдалануу мүмкүндүгү;
- ѳндүрүштүк агынды сууларды суу объектилерине же калктуу конуштун, башка бир суу пайдалануучунун саркынды сууларды чыгаруу системасына коё берүүнүн шарттары;
- ѳндүрүштүк агынды сууларды тазалоодо келип чыгуучу тунмаларды жана калдыктарды жок кылуунун жана пайдалануунун шарттары.
1.4.6 Тиричилик фондусуна тийиштүү эмес абоненттердин (аптекалар, медициналык мекемелер, чакан соода объектилери, кафелер, ашканалар, калкты тейлѳѳ боюнча чакан ишканалар ж.б.) саркынды сууларды чыгаруу тарамдарын калктуу конуштун саркынды сууларды чыгаруу тарамдарына кошуп бириктирүүдѳ абоненттердин территорияларынын чектеринен тышкары жайгашкан текшерип кѳзѳмѳлдѳѳчү кудуктары менен агып чыгуусунун болушу алдын алып каралганы ылайык.
1.4.7 Эгер абоненттин олуттуу ачылган суу балансы болсо, анда эң аз дегенде тѳмѳндѳгү учурларда ар бир ѳндүрүш ишканасынан чыгарылчу агынды суулардын чыгымдалышын ѳлчѳѳ үчүн түзүлүштѳрдүн болушун алдын алып кароо зарыл:
- эгер абонент борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасына кошулбаган, же суу менен камсыздоо бир канча булактардан (же мүмкүнчүлүгү бар) болсо;
- эгер ѳндүрүш процессинин жүрүшүндѳ суу менен камсыздоо системасынан пайдаланылган суунун чыгымдалышынан 5%дан жогору кошумчаланса же азайтылса.
1.4.8 Калктуу конуштун чарбалык-тиричиликтик агынды суулары менен биргелешип агызып чыгарууга же тазартылууга тийиш болгон ѳндүрүштүк агынды суулар калктуу конуштун саркынды сууларды чыгаруу системасына келип кошулуучу агынды суулардын курамына жана ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ карата аракеттеги талаптарына жооп бериши керек.
1.4.9 Кѳрсѳтүлгѳн талаптарга жооп бербеген ѳндүрүштүк агынды суулар алдын алып (жергиликтүү) тазалоодон ѳткѳрүлүшү керек.
1.4.10 Жергиликтүү тазалоочу түзүлүштѳрдѳгү тазалоонун даражасы калктуу конуштун саркынды сууларды чыгаруу системасын жана канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрүн эксплуатациялоочу мекеме (мекемелер) менен (же андай болбогон учурда – бул саркынды сууларды чыгаруу системасын долбоорлоочу мекеме менен) макулдашылуусу зарыл.
1.4.11 Аныкталган ченемдерге чейинки тазаланбаган агынды сууларды суу объектилерине (жер астындагысын кошуп) агып куюлуусуна тыюу салынат.
1.4.12 Агынды суулардын бардык түрлѳрүн, селитебдүү (курулуш жүргүзүү жарактуу) территориялардагы (мында аянтты аныктоо эсептѳѳнүн аракеттеги методикалары боюнча агымдын аянтынын конфигурациясынан кѳз карандылыкта жүзѳгѳ ашырылат) жана ишканалардын аянтчаларындагы үстүнкү беттик агымды кошуп, тазартууга деп биргелешип алып ѳтүүнү жүзѳгѳ ашыруучу саркынды сууларды чыгаруунун жалпы чыгаруучу жана жарым ѳз алдынчалуу системаларынын канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрүн долбоорлоодо жана курууда бул КЧлардын, ошондой эле бул системалардын жумушун регламенттѳѳчү башка да ченемдик техникалык документтердин, мунун ичинде аймактык жана тармактык ченемдик техникалык документтердин кѳрсѳтмѳлѳрүн жетекчиликке алган ылайык.
1.4.13 Ѳнѳр жай аймактарынын, курулуш аянтчаларынын, кампалык чарбачылыктардын, авточарбачылыктардын, ошондой эле калктуу конуштардын селитебдүү территорияларындагы бѳтѳнчѳ булганган участкаларынын (бензин куюучу станциялардын, машина токтотуучу жайлардын, автобус станцияларынын, соода борборлорунун ж.б.) территорияларынан үстүнкү беттик агынды сууларды саркынды сууларды чыгаруунун жамгырдык же борборлоштурулган системасына куюлтуп чыгаруунун алдында, жергиликтүү тазалоочу түзүлүштѳрдѳ иштетүүдѳн ѳткѳрүү зарыл.
1.4.14 Ишканалардын селитебдик территорияларынан жана аянтчаларынан үстүнкү беттик агымдарды суу объектилерине коё берүүнүн шарттарын аныктоодо агынды сууларды чыгарып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ченемдик техникалык документтерин жетекчиликке алганы ылайык.
1.4.15 Үстүнкү беттик агымдарды чыгаруу жана тазалоо схемаларын, ошондой эле канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрдүн конструкцияларын тандоо анын сапаттык жана сандык мүнѳздѳмѳлѳрү, чыгаруу шарттары менен аныкталат жана да бул же тигил вариантты ишке ашыруунун техникалык мүмкүнчүлүктѳрүн баалоо жана техникалык-экономикалык кѳрсѳткүчтѳрүн салыштыруу негизинде жүзѳгѳ ашырылат.
1.4.16 Элдер жашаган орундардын жана ѳнѳр жайлык аянтчалардын саркынды сууларды чыгаруу жамгырдык системасынын түзүлүштѳрүн долбоорлоодо жана курууда тазаланган агынды сууларды ѳндүрүштүк суу менен камсыздоо, сууга каныктыруу же сугаруу үчүн пайдалануунун варианттарын карап чыгуу зарыл.
1.4.17 Долбоорлордо колдонулуучу негизги техникалык чечилиштер, аларды жүзѳгѳ ашыруунун кезектүүлүгү мүмкүн болгон варианттарын санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарды эсепке алып техникалык-экономикалык жагынан салыштырууга негизденүүсү керек.
1.4.18 Саркынды сууларды чыгаруу системаларынын тарамдарын жана түзүлүштѳрүн долбоорлоодо жана курууда прогрессивдүү техникалык техникалык чечилиштер, эмгекти кѳп талап кылуучу жумуштардын механизациясы, технологиялык процесстерди автоматташтыруу, заводдук даярдалыштагы түзүлүштѳрдү, конструкцияларды жана дагы башка нерселерди колдонуунун эсебинен курулуштук-монтаждык индустриалдаштыруу алдын алып каралышы зарыл. Саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоодо жана курууда, ушул КР КЧ менен так негиздеме менен жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча аларды жергиликтүү шарттарга адаптациялоону эске алуу менен заманбап чет өлкөлүк технологиялар жана жабдуулар колдонулушу мүмкүн.
1.4.19 Саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоодо жана курууда колдонулуучу түтүктѳр, фитингдер, жабдуулар жана материалдар ушул КЧнын, улуттук стандарттардын, санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана эрежелердин жана да белгиленген тартипте бекитилген башка да ченемдик жана техникалык документтердин талаптарына ылайык, дал келиши керек.
1.4.20 Энергияны үнөмдөө боюнча, ошондой эле канализациялык тазалоочу түзүлүштѳрдѳ үнѳмдѳлгѳн энергоресурстарды максималдуу пайдалануу мүмкүндүгү боюнча иш-чаралар алдын алып каралышы керек.
1.4.21 Эксплуатациялоо жана да профилактикалык жана оңдоп-түзѳѳ жумуштарын аткарууда эмгектин тийиштүү коопсуздук жана санитардык-гигиеналык шарттарын камсыздоо зарыл.
1.4.22 Агынды сууларды транспорттоо ашыкча басымды (күчтѳп түртүлүүнү же бошоңдолууну (вакуумдан)) түзүү эсебинен агынды суунун эсептик ылдамдыктардагы кыймылын камсыздоочу ѳзү агып түшүү (гравитациялык) же мажбурлоо (күчтѳп түртүлүү же вакуумдук) ыкмасы менен жүзѳгѳ ашырылуусу ыктымал.
1.4.23 Саркынды сууларды чыгаруу жана коммуникациялардын ѳтүү объектилеринин жайгашуу орундары, ошондой эле тазаланган агынды сууларды жана үстүнкү беттик агымдарды суу объектилерине коё берүүнүн шарттарын жана орундарын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, балык запастарын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык жактан кѳзѳмѳлдѳѳ жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын «Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 201 «Калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык башка да мекемелер менен, ал эми кеме жүрүүчү суу объектилерине (кѳлдѳр, дарыялар, суу сактагычтар) коё берүү орундары тарнспорт жаатындагы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылуусу зарыл.
1.4.24 Саркынды сууларды чыгаруу системасынын иш-аракетинин ишенимдүүлүгү зарыл эсептик ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүнүн сакталышы жана агынды суулардын чыгымдалыштарынын ѳзгѳртүлүүсү маалындагы (белгилүү бир чектерде) агынды суулардын тазалануу даражасы жана булгоочу заттардын курамы, алардын электр менен камсыздоодагы үзгүлтүктѳрдүн, коммуникациялардагы, жабдуулардагы жана түзүлүштѳрдѳгү, пландык оңдоп-түзѳѳ жумуштары ѳндүрүшүндѳгү, ѳзгѳчѳ жаратылыштык шарттар менен (жер титирѳѳлѳр, кыртыштардын чѳгүп кетүүсү, түбѳлүк тоң ж.б.) байланышкан кырдаалдардагы мүмкүн болчу кырсыктарда суу объектилерине агып кошулуусу шарттары менен мүнѳздѳлѳт.
1.4.25 Саркынды сууларды чыгаруу системасынын үзгүлтүксүз иштѳѳсүн камсыздоо үчүн тѳмѳндѳгү иш-чаралардын алдын алып каралганы ылайык:
- саркынды сууларды чыгаруу объектилеринин электр менен жабдылуусунун тийиштүү ишенимдүүлүгү (бири-биринен кѳз карады эмес эки электр булагы, резервдик автономдуу электростанция, аккумулятордук батареялар ж.б.) ЭОЖЭ, МК 2.1.5.1183 жана КЭ 40-102;
- түзүлүштѳрдүн жана коммуникациялардын бири-бирин кайталоосу, айланма линиялардү жана кайталап ѳткѳрүүлѳрдү түзүү, катарлаш суу түтүктѳрүндѳгү бири экинчисине ѳтүүлѳр;
- кырсыктык (буфердик) суу топтогучтарды кийин агынды сууларды алардан нормалдуу тартипте сордуруп алууга негиздеп түзүү;
- катарлаш иштѳѳчү түзүлүштѳрдү алардын бири оңдоп-түзѳѳгѳ же профилактикага деп токтотулганында иш-аракеттин зарыл жана жетиштүү натыйжалуулугун камсыздоочу секциялардын саны менен секцияларга бѳлүштүрүү;
- бир дайындалыштагы жумушчу жабдуусун резервге чыгаруу;
- жабдуулардын жана түзүлүштѳрдүн кубаттуулугунун, ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүнүн, сыйымдуулугунун, бекемдигинин зарыл запасын камсыздоо (техникалык-экономикалык эсептѳѳлѳр менен аныкталат);
- системанын ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүнүн же кырсыктык кырдаалдарда агынды сууларды тазалоонун натыйжалуулугунун жол берилчү тѳмѳндѳтүлүшүн аныктоо (санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу негизинде);
- суу ташкындарына, катуу шамалга, чоң жааган карга же ар кандай башка да табигый кырсыктарга жана/же аба ырайынын ѳзгѳрүүсүнүн кесепеттерине каршы туруктуулукка карата талаптар.
1.4.26 Жогоруда саналып ѳтүлгѳн иш-чаралардын колдонулушу долбоорлоонун жүрүшүндѳ объекттин жооптуулугу эсепке алынуу менен иштелип чыгылганы ылайык.
1.4.27 Санитардык-коргоочу аймактарды саркынды сууларды чыгаруу системасынын объектилеринен (мунун ичинде канализациялык тазалоочу түзүлүштѳр) турак жай курулуш имараттарынын, коомдук имараттардын жана тамак-аш ѳндүрүшү ишканаларынын алардын келектеги кеңейүүсүн эске алуу менен чектерине чейин Кыргыз Республикасынын «Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомунун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-январынан № 68 «Ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы актыларды бекитүү тууралуу» Токтомуна ылайык кабылданганы туура, ал эми алардан четтеген учурларда санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жана экология жаатында ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу зарыл.
1.4.28 Калыбына келтирилген болот түтүктѳрдүн жана дагы башка түрлѳрүн, металл конструкцияларынын (профилдер, устундар, каңылтыр темирлер, тилкелер, свайлар, шпунттар ж.б.) буга чейин колдонууда турган түрлѳрүн пайдаланууга жол берилбейт. Саркынды сууларды чыгаруу системасынын имараттарын жана түзүлүштѳрүн куруудагы, реконструкциялоодогу, капиталдык оңдоп-түзѳѳдѳгү долбоордук жана жумушчу документтерде курулуш материалдары, ѳткѳргүч түтүктѳр жана жооптуулугу жогорулатылган деңгээлдеги жабдуулардын болушу алдын алып каралганы зарыл.
1.4.29 Санитардык-коргоочу аймактарды саркынды сууларды чыгаруу системасынын түзүлүштѳрүнѳн турак жай курулуш имараттарынын, коомдук имараттардын жана тамак-аш ѳндүрүшү ишканаларынын алардын келектеги кеңейүүсүн эске алуу менен чектерине чейин 1-таблицанын маалыматтары негизинде кабылдаган ылайык.
1 – таблица