Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 701
2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык тиешелүү жылдарга Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон акча каражаттарын карасын.
3. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Мамлекеттик программаны жана Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча милдеттүү түрдөгү чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Мамлекеттик программаны жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 645, 2026-жылдын 3-июнундагы № 388 токтомдорунун редакцияларына ылайык)