МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы № 2 «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 9-январы № 2

"Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 389-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

150-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-январындагы № 3 (3556) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 29-ноябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган