Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлердин Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 733 токтомуна 7-тиркеме |
Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 4-июнундагы № 320, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата коюлуучу критерийлерди, аларды каттоо тартибин (мындан ары – талаптар) аныктайт.
2. Жеке нотариалдык кеңсе (мындан ары – кеңсе), нотариалдык бюро (мындан ары – бюро) юридикалык жак болуп саналбайт.
3. Жеке нотариус (мындан ары – нотариус) нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнө ылайык белгиленген нотариалдык округдун чегинде бир кеңсеге ээ болууга милдеттүү.
4. Эки жана андан ашык жеке нотариус бюрону түзө алат. Бюронун ишин жана ишмердигин уюштуруу үчүн нотариустар бюронун иш тартибин, анын иш графигин, ар бир нотариустун иш графигин, архивдик нотариалдык документтерди сактоо тартибин жана бюронун ишине байланыштуу башка маселелерди аныктаган келишим түзүүгө милдеттүү.
5. Бир бюронун нотариустары нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүшүнө ылайык белгиленген бир нотариалдык округдун аймагындагы бир имаратта нотариалдык бюрону ачууга укуктуу.
6. Кеңсени, бюрону каттоо күбөлүгүндө белгиленген нотариалдык округдун чегинен тышкары жайгаштырууга жол берилбейт.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кеңсе, бюро нотариалдык иштин ачык мүнөзүн, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоого тийиш.
2. Кеңсеге жана бюрого талаптар
9. Кеңсе, бюро нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн ыңгайлаштырылган, профили өзгөртүлгөн турак жай жана турак эмес жайлардын категориясына кирген имаратта же жайда жайгаштырылууга жана төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге;
- өрт коопсуздугунун эрежелерине;
- электр коопсуздугунун эрежелерине;
- табигый жана жасалма жарык берүүнүн, жылытуунун болушуна;
- өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылууга.
Өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди жана гигиеналык нормативдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Нотариалдык конторадагы же бюродогу кабинеттердин жана башка жайлардын саны, алардын функциялык багыты, жайгашуусу жана өлчөмү төмөнкү факторлорду эске алуу менен нотариус тарабынан өз алдынча аныкталат:
1) нотариус тарабынан кабыл алуу жүргүзүлгөн кабинет нотариалдык конторанын башка жайларынан обочолонтулууга жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жашырындуулугун сактоону камсыз кылууга тийиш;
2) нотариустун жардамчылары өзүнчө жабдылган жумуш орундары менен камсыз болууга тийиш;
3) келүүчүлөр үчүн кабыл алуу бөлмөсүнүн, архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн жайлардын болушу;
4) нотариустун кабинети жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдар үчүн нотариустун кабыл алуусун күтүү үчүн жай жана эмерек, оргтехника, аты жазылган мөөрдү, штамптарды сактоо үчүн сейф, нотариалдык документтерди сактоо үчүн бекитилүүчү металл шкафтар менен жабдылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Имараттын биринчи кабатында жайгашкан кеңсенин же бюронун жайынын терезелеринде металл торчолору болушу керек, кыймылдын электрондук датчиктери же күзөт агенттиги менен келишим болгон учурларды кошпогондо.
12. Кеңсени, бюрону, жер төлөдөгү жайларга, жер алдындагы өтмөктөргө, киоскторго, павильондорго, контейнерлерге, паркингдерге жана башка убактылуу курулуштарга, курулмаларга жайгаштырууга жол берилбейт.
Нотариус нотариалдык округдун аймагындагы максаты өзгөртүлгөн турак жайда же турак эмес имаратта (жайда) жайгашкан нотариалдык конторанын иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
13. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Кеңсе, бюро жалпы болуу үчүн жерди (коридор, фойе), эгерде ыңгайлуу кыймыл жана күтүү үчүн орун каралган болсо, жарандарды жана юридикалык жактарды кабыл алуу бөлмөсү катары колдоно алат.
16. Архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн өзүнчө жай жок болгондо архивдик нотариалдык документтерди кулпуланган металл шкафтарда же ящиктерде сактоого жол берилет.