1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтомуна)
Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун (мындан ары - конкурс) өткөрүү тартибин аныктайт, конкурстун түзүмүн белгилейт, конкурстук сыноолордун форматын, регламентин, баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин аныктайт.
2. Конкурс билим берүү программаларын жаңылоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүүгө багытталган.
3. Конкурстун негизги принциптери болуп жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы жана анын бардык катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
4. Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1) гран-при "Жылдын мыкты мугалими";
2) башталгыч класстардын мыкты мугалими;
3) кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
4) орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
5) мыкты математика мугалими;
6) мыкты тарых мугалими;
7) "Адам жана коом" предмети боюнча мыкты мугалим;
8) мыкты чет тили мугалими;
9) мыкты физика/астрономия мугалими;
10) мыкты информатика мугалими;
11) мыкты химия мугалими;
12) мыкты география мугалими;
13) мыкты биология мугалими;
14) "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети боюнча мыкты мугалим;
15) мыкты музыка мугалими;
16) мыкты дене тарбия мугалими;
17) көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим;
18) аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.
5. Ар жылдык республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун уюштуруучусу болуп Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
6. Конкурстун максаты болуп башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү жолу менен билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдынкы педагогикалык идеяларды берүү жана жайылтуу көндүмдөрүнө жана жөндөмдөрүнө, билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.
7. Конкурстун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мугалимдердин социалдык статусун жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
2) мугалимдик кесипти жайылтуу;
3) билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин алдынкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;
4) билим берүү уюмдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу.
3-глава. Конкурсту өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү
8. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап - мектеп ичиндеги, жыл сайын 1-февралдан 1-мартка чейин жалпы билим берүү уюмунун бекитилген графигине ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт;
2) экинчи этап - райондук/шаардык, жыл сайын 2-марттан 20-апрелге чейин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт;
3) үчүнчү этап - облустук/шаардык, жыл сайын 21-апрелден 25-майга чейин облустук институттар, методикалык билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;
4) төртүнчү этап - финалдык (республикалык), жыл сайын 1-октябрдан 5-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)