Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтомуна)
Ар жылдык "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун (мындан ары - конкурс) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, окуу процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдогу билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитүүгө багытталган.
2. Конкурс өткөрүү тартиби конкурстун түзүмүн белгилейт, форматын, регламентин, конкурстук сыноолорду баалоо критерийлерин, катышуучулардын, калыстар тобунун жана эсептөө комиссиясынын курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тартибин, ошондой эле конкурстун финалын каржылоо шарттарын аныктайт.
3. Конкурс Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары – министрлик) тарабынан Кыргыз билим берүү академиясынын (мындан ары – КБА), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (мындан ары – ПККЖКДРИ), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (мындан ары – И. Арабаев атындагы КМУ), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жана башка кызыкдар уюмдардын, педагогикалык жана ата-энелер коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурстун негизги принциптери болуп ачык-айкындуулук, жол-жоболордун ачыктыгы жана бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
5. Конкурстун максаттары таланттуу, чыгармачыл тарбиячыларды, методисттерди, музыкалык жетекчилерди жана мамлекеттик тил мугалимдерин аныктоо болуп саналат.
6. Конкурстун милдеттери педагогикалык кесипти жайылтуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин мыкты кесиптик тажрыйбасын жайылтуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири илимий жана педагогикалык коомчулуктун, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жогорулатууга көңүл буруу болуп саналат.
3-глава. Конкурстун катышуучулары
7. Конкурска мектепке чейинки билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жана үч жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин төмөнкү категориялары катышат:
1) тарбиячылар;
2) методисттер;
3) мамлекеттик тил мугалими;
4) музыкалык жетекчи.
8. Конкурстун биринчи этабына катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмунун башкаруу органы тарабынан (педагогикалык кеңеш);
2) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде.
9. Конкурска катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Конкурска талапкерди көрсөтүүгө анын макулдугун алуу милдеттүү болуп саналат.
4-глава. Конкурс өткөрүү этаптары жана мөөнөттөрү
10. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмунун бекитилген планына ылайык окуу жылынын ичинде 1-февралдан 1-мартка чейин өткөрүлөт. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү экинчи этаптын катышуучулары болушат;
2) экинчи этап жыл сайын, окуу жылынын ичинде, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык 1-марттан 20-апрелге чейин өткөрүлөт. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү конкурстун үчүнчү этабынын катышуучулары болушат;
3) үчүнчү этап - облустук/шаардык, 21-апрелден 25-майга чейин облустук институттар, билим берүү борборлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт;
4) төртүнчү этап - финалдык (республикалык), жыл сайын 1-октябрдан 5-октябрга чейин министрлик тарабынан өткөрүлөт.
5-глава. Конкурстарды өткөрүү форматы
11. Конкурстун биринчи, экинчи жана үчүнчү этаптарын өткөрүүнү уюштуруу-методикалык камсыздоо үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана билим берүү жаатындагы аймактык органдар тарабынан уюштуруу комитеттери (мындан ары - Уюштуруу комитети) түзүлөт, алар конкурстун этаптарын өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн белгилейт, аларды өткөрүү жол-жобосун аныктайт, калыстар тобунун курамын жана алардын иштөө регламентин, ошондой эле ушул Жобого ылайык конкурстун этаптарын каржылоо тартибин бекитет.
12. Республикалык конкурстун финалына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ар бир облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 4 катышуучу жиберилет.
13. Финалдык этапка катышууга талапкерлерди көрсөтүү конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
14. Эгерде конкурстун финалдык этабына катышууга көрсөтүлгөн жеңүүчү кандайдыр бир себептер менен катыша албаса, конкурстун үчүнчү этабынын Уюштуруу комитети экинчи орунду ээлеген катышуучуну (катышуучу менен макулдашуу боюнча) жиберүүгө укуктуу.
15. Конкурстун финалдык этабына катышуу үчүн облустук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү министрликтин буйругу менен белгиленген мөөнөттө Уюштуруу комитетинин электрондук дарегине төмөнкү документтерди жана катышуучулардын материалдарын үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин жөнөтөт:
1) сунуш, үлгү боюнча (1-форма);
2) конкурстун финалынын катышуучусунун арызы, үлгү боюнча (2-форма);
3) конкурстун материалдары (3-форма);
4) паспорттун көчүрмөсү.
16. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана материалдарды кабыл алуу жана конкурстун финалына катышууга талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин оператор тарабынан акыркы тизмелик курам түзүлөт. Финалисттердин курамын финалдык конкурстун Уюштуруу комитети бекитет. Конкурстун оператору жана Уюштуруу комитети министрлик тарабынан аныкталат жана бекитилет, ал өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана чогултуу, ошондой эле конкурстун финалдык - республикалык этабын өткөрүү үчүн зарыл жол-жоболорду уюштуруу үчүн жооп берет.
17. Тариздөөнүн талаптарын бузган жана министрликтин буйругунда белгиленген мөөнөттөн кеч катталган конкурсанттардын документтери каралбайт.