Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-октябры № 559

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:

- 7-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3.  (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4.  (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров