КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-январы № 21
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 20108235,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 20108235,4 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене
ММК фондунун 2025-2026-жылдарга пландык мезгилинин бюджети 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
ММК фондунун 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
ММК фондунун 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене
ММК фондунун 2025-2026-жылдарга программалык негиздеги бюджетинин долбоору 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
6-берене
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2024-жылга - 12230161,7 миң сом;
2) 2025-жылга план - 23596628,0 миң сом;
3) 2026-жылга план - 23978751,5 миң сом.
ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2024-жылга - 5045951,0 миң сом;
2) 2025-жылга план - 4905768,3 миң сом;
3) 2026-жылга план - 5101093,5 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
1. ММК фондунун бюджетинин 2024-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 420495,9 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип ыккан учурда ММК фондунун чыгашалар боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене