Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 668
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779, 2026-жылдын 4-августундагы № 523 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Сот бийлигинин органдарына жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жогоруда аталган Типтүү жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - ЖӨБО) персоналды башкаруу кызматынын (мындан ары - кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.
2. Кызмат мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мамлекеттик орган жана ЖӨБО жөнүндө жоболорду, ошондой эле Типтүү жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кадрдык потенциалын калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесиптик өркүндөтүү максатында түзүлөт.
Кызмат жок мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо персоналды башкаруу маселелери персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерге (мындан ары - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) жүктөлөт.
5. Кызмат же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өз ишин мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчисинин (мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчисинин кадр маселесин тескеген орун басарынын), ошондой эле мамлекеттик органдын жана ЖӨБО аппаратынын жетекчисинин (бул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо) жалпы жетекчилиги астында жүргүзөт.
2-глава. Түзүмү
6. Кызматтын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчиси тарабынан бекитилген штаттык түзүмдүн жана сандын чегинде аныкталат.
7. Кызмат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан расписаниесинде каралган жетекчиден жана адистерден турат.
8. Кызматтын жетекчиси жетекчилик, башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамилелерде кызматтын атынан чыгат, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, кызматтагы эмгек тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат түздөн-түз мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчисине (кадр маселесин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына), мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун аппаратынын жетекчисине (бул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо) отчет берет жана өз ишин жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.