Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491, 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине лицензияларды берүүнүн, кайра жол-жоболоштурууну, токтото туруунун, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруунун тартибин регламенттейт.
2. Оюн-зоок ишин жүргүзүүнү каалаган, жоопкерчилиги чектелген коомдун же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жактар тиешелүү лицензияны алууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары - Финкөзөмөл) иштин төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензияларды берүүчү оюн-зоок иши жаатында лицензиар болуп саналат:
1) казино;
2) тотализатор;
3) букмекердик кеңсе;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) онлайн-казино;
6) электрондук (виртуалдык) казино.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Онлайн казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндөгү лицензиялар эки түргө бөлүнөт:
1) виртуалдык казинону башкарууга лицензия;
2) виртуалдык казинону операторлукка лицензия.
5. Оюн-зоок ишине лицензия аны алган учурдан тартып он жылдык мөөнөткө берилет жана ажыратылгыс болуп саналат.