ЖарлыгыКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 16-августундагы ПЖ № 285 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакцияот 16.08.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 16-августу ПЖ № 285

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Н.И.Каримбековго карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:

1. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Каримбеков Ниматилла Исмаилович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров