Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 412
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 89 Мыйзамы менен ратификацияланган) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо техникалык талаптардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундунун формасы 2-тиркемеге ылайык;
3) шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундунун формасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ата мекендик даярдоочу заводдор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү Chevrolet Damas (M1 категориясындагы), Chevrolet Damas VA (N1 категориясындагы), Chevrolet Labo (N1 категориясындагы), Chevrolet Tahoe (M1 категориясындагы), Chevrolet Malibu (M1 категориясындагы), Chevrolet Equinox (M1 категориясындагы), Chevrolet Captiva (M1 категориясындагы), "ISUZU" NMR77E (N2 категориясындагы), "ISUZU" NMR77H (N1 жана N2 категорияларындагы), "ISUZU" NPR75LK (N2 категориясындагы), "ISUZU" FVR34K (N3 категориясындагы), "ISUZU" FVR34Q, (N3 категориясындагы), "ISUZU" FVR34Q (N3 категориясындагы), "ISUZU" D-MAX (N1 категориясындагы), "SAZ" LE60 (M3 категориясындагы), "SAZ" HD50 (M3 категориясындагы), GMC (M1/N1 категориясындагы), Cadillac (M1/N1 категориясындагы), Buick (M1/N1 категориясындагы), Wuling (M1/N1 категориясындагы), Chevrolet (M1/N1 категориясындагы) транспорт каражаттары (мындан ары - транспорт каражаттары) кийин транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну алуу менен шайкештикти баалоодон өтөт;
2) ушул токтомго ылайык шайкештикти баалоодон өткөн транспорт каражаттары (шасси) Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүгүртүүгө чыгарылууга, сатылууга, эксплуатацияланууга жана мамлекеттик катталууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору транспорт каражатынын (шассинин) тибинин техникалык талаптарга шайкештигин ырастоочу документтердин: тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн, Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарынын алкагында берилген шайкештик сертификаттарынын, шайкештик жөнүндө декларациялардын, транспорт каражатын (шассини) - башка өндүрүштүк шартта даярдалган аналогдорун сыноо протоколдорунун негизинде таризделген шайкештик жөнүндө декларациялардын негизинде 2-тиркемеге ылайык бир жыл жарактуулук мөөнөтү менен транспорт каражатынын (шассинин) тибин баалоо жөнүндө корутундуларды каттоо, тариздөө жана реестрин жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
4. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул токтомго ылайык шайкештикти баалоодон өткөн транспорт каражаттарын каттоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо техникалык талаптардын ТИЗМЕГИ
Техникалык талаптар же регламенттөө объекттери | Транспорт каражаттарынын категориясы | Техникалык талаптар камтылган документтер |
1. Эшик кулпулары жана илмектери | M1, N1 | "Эшиктердин кулпулары жана илмек түзүлүштөрү боюнча транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 11-02 эрежелери |
2. Тормоз системаларынын натыйжалуулугу | M, N, O | "Тормозго карата M, N жана О категорияларындагы транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 13-07 эрежелери |
M1, N1 | "Тормозго карата жеңил автомобилдерди расмий бекитилүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 13-Н эрежелери | |
3. Габариттен сыртка чыгып калган нерселердин травмалык коопсуздугу | M1,N1 | "Транспорт каражаттарын алардын габаритинен сыртка чыгып калган нерселерге карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 26-03 эрежелери |
4. Үн чыгаруучу сигналдык приборлор менен жабдуу | M, N, L | "Үн чыгаруучу сигналдык приборлорду жана автотранспорт каражаттарын алардын эскертүүчү үн чыгаруучу сигналдарына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 28-00 эрежелери |
5. Башкаруу педалдардын жайгашуусу | M1 | БУУ ЕЭК № 35-00 эрежелери |
6. Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашкан транспорт каражаттарына карата жалпы коопсуздук талаптары | M2, M3 | "Чоң сыйымдуулуктагы транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 36-03 эрежелери |
7. Ылдамдыкты өлчөө механизмдери | M, N, L5, L7 | "Ылдамдыкты жана одометрди өлчөө механизмине, анын ичинде аларды орнотууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 39-00 эрежелери |
8. Коопсуз айнектер менен жабдуу | M, N, L5, L7 | "Коопсуз айнектерди жана айнек материалдарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 43-00 эрежелери |
9. Чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүштөр менен жабдуу | M, N, L5, L7 | "Чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүштөрдү жана бул түзүлүштөрдү орнотууга карата механикалык транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 46-01 эрежелери |
10. Жарык берүүчү түзүлүштөр жана жарык сигнализациялары менен жабдуу | M, N, O | "Жарык берүүчү жана жарык сигнализациясын орнотууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 48-02 эрежелери |
11. Бүркүп чыгаруу | M1 максималдуу массасы 3,5 т жогору, M2, M3, N1, N2, N3 дизелдик кыймылдаткычтары менен | "Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-01 эрежелери (экологиялык класс 0) |
M1 максималдуу массасы 3,5 т жогору, M2, M3, N1, N2, N3 газ жана дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-02 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 1) | |
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-02 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли В, экологиялык класс 2) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-04 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 3) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-05 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли В1, борттук диагностикага, бышыктыгы жана эксплуатациялык жарактуулугу, NOx контролдоого карата талаптардын деңгээли - "С", экологиялык класс 4) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-05 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээлдери B2, C, борттук диагностикага, бышыктыгы, NOx контролдоого карата талаптардын деңгээли - "G", "K", экологиялык класс 5) | ||
12. Тышкы үн | M, N | "Төрттөн кем эмес дөңгөлөктүү автотранспорт каражаттарын алардан чыккан үнгө карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 51-01 эрежелери |
13. Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражаттарына карата жалпы коопсуздук талаптары | M2, M3 | "M2 жана M3 категорияларындагы аз орундуу транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 52-01 эрежелери |
14. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын арткы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3, O3, O4 | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Арткы коргоочу түзүлүштөрдү; II. Транспорт каражаттарын расмий бекитилген типтеги арткы коргоочу түзүлүштөрдү орнотууга карата; III. Транспорт каражаттарын алардын арткы коргоочу түзүлүштөрүнө карата" БУУнун № 58-02 эрежелери |
15. Габариттен сыртка чыгып калган нерселердин травмалык коопсуздугу | N | "Жүк ташуучу транспорт каражаттарын айдоочунун кабинасынын арткы панелинин алдында жайгашкан габариттен сыртка чыгып калган нерселерге карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 61-00 эрежелерин |
16. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын капталындагы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3, O3, O4 | "Жүк ташуучу транспорт каражаттарын капталындагы коргоочу түзүлүштөрүнө карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 73-00 эрежелери |
17. Рулдук башкаруу | M, N, O | "Рулдук башкаруу механизмдерине карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 79-01 эрежелери |
18. Орундардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдиги | M2, M3 | "Ири габариттүү жүргүнчү транспорт каражаттарынын отургучтарын расмий бекитүүгө жана отургучтардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдигине карата бул транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 80-01 эрежелери |
19. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын алдынкы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3 | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Алдынкы жылышууга каршы коргоочу түзүлүштөрдү (АЖККТ); II. Расмий бекитилген типтеги АЖККТ орнотууга карата транспорт каражаттарын; III. Транспорт каражаттарын алардын алдынкы жылышууга каршы коргоосуна (АЖКК) карата" БУУнун № 93-00 эрежелери |
20. Электр менен иштеген транспорт каражатынын коопсуздугу | M, N | "Электр кыймылдаткычтарына карата конкреттүү талаптарга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 100-00 эрежелери |
21. Жарык чагылдыруучу маркировка | N2, N3, O3, O4 | "M, N жана O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн чагылдыруучу маркалоону расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 104-00 эрежелери |
22. Жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарына коопсуздуктун жалпы талаптары | M2, M3 | "M2 жана M3 категорияларындагы транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 107-01 эрежелери |
23. Компримацияланган жана суюлтулган жаратылыш газындагы транспорт каражаттары жана азыктандыруу системалары | M, N | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычтары компримацияланган жаратылыш газы (КЖГ) менен иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтери; II. Кыймылдаткычында компримацияланган жаратылыш газын (КЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуулардын элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттарынын" БУУнун № 110-00 эрежелери |
"Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычы компримацияланган жаратылыш газы (КЖГ) жана (же) суюлтулган жаратылыш газы (СЖГ) менен иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтери; II. Кыймылдаткычында компримацияланган жаратылыш газын (КЖГ) жана (же) суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуулардын элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттары" БУУнун 110-01 эрежелери | ||
24. Транспорт каражаттарын башкаруу органдары - идентификациялоо | M, N, L6, L7 | БУУнун 121-00 эрежелери |
25. Ички ызы-чуу | M, N | "Автотранспорт каражаттарынын ички ызы-чуусу. Жол берилген деңгээлдер жана өлчөө методдору" МАМСТ 27435-87 |
"Автомобилдик транспорттук каражаттар. Ички ызы-чуу. Жол берилген деңгээлдер жана өлчөө методдору" МАМСТ Р 51616-2000 | ||
МАМСТ 33555-2015 "Автомобилдик транспорттук каражаттар. Ички ызы-чуу. Жол берилген деңгээлдер жана өлчөө методдору" | ||
26. Желдетүү жана жылытуу | M, N | "Автотранспорт каражаттары. Жылытуу, желдетүү жана кондиционерлеө системалары. Натыйжалуулук жана коопсуздук талаптары" МАМСТ Р 50993-96 |
"Автомобилдик транспорттук каражаттар. Жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө системалары. Натыйжалуулук жана коопсуздук талаптары" МАМСТ 30593-2015 | ||
27. Транспорт каражатынын ичиндеги абадагы зыяндуу (булгоочу) заттардын камтылышы | M, N | "Эмгек коопсуздугунун стандарттар системасы. Жумушчу зонанын абасына карата жалпы санитардык-гигиеналык талаптар" МАМСТ 12.1.005-88 |
"Автотранспорт каражаттары. Жүргүнчүлөр бөлмөсүнүн жана кабинанын абасындагы булгоочу заттардын камтылышы. Сыноо ченемдери жана ыкмалары" МАМСТ Р 51206-2004 | ||
"Автомобилдик транспорттук каражаттар. Айдоочу кабинасынын жана жүргүнчүлөр бөлмөсүнүн абасындагы булгоочу заттардын камтылышы. Техникалык талаптар жана сыноо методдору" МАМСТ 33554-2015 | ||
28. Майыптарды ташуу үчүн автобустар | M2, M3 | "Майыптарды ташуу үчүн автобустар. Жалпы техникалык талаптар" МАМСТ Р 50844-95 |
29. Балдарды ташуу үчүн автобустар | M2, M3 | "Балдарды ташуу үчүн автобустар. Техникалык талаптар" МАМСТ Р 51160-98 |
"Балдарды ташуу үчүн автобустар. Техникалык талаптар жана сыноо методдору" МАМСТ 33552-2015 | ||
30. Мамлекеттик каттоо белгилерин орнотуу | M, N, O | Техникалык регламенттин 7-тиркемесинин 4-пункту ББ ТР 018/2011 |
31. Транспорт каражаттары. Маркалоо | M, N, O | "Транспорт каражаттары. Маркалоо. Жалпы техникалык талаптар" МАМСТ Р 51980-2002 |
"Транспорт каражаттары. Маркалоо. Техникалык талаптар" МАМСТ Р 33990-2016 |