Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы N 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 16-пунктта:
2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу;";
- 18-пунктунун 4-6-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) инвесторлордон финансылык каражаттарды тартуу үчүн шарттардын жагымдуулугун жогорулатуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар кандай механизмдерди, анын ичинде курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдонуу менен андан ары турак жай курулушу жүргүзүлө турган жер участокторун МИКке берет, мында инвестициялык конкурстун шарттары МИКтин сайтына ачык жарыяланат;
5) Программаны каржылоонун кошумча булактарын тартуу үчүн МИКтин акционеринин/Директорлор кеңешинин чечими менен МИКтин турак жай фондунун бир бөлүгү тикелей сатуу методу менен сатылат. Биринчилик турак жайды тикелей сатууда турак жайды кайра сатууга 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө чектөө коюлат, экинчилик турак жайды тикелей сатууда кайра сатууга чектөөлөр коюлбайт. МИКтин акционеринин/Директорлор кеңешинин чечими менен белгиленүүчү тикелей сатуунун шарттары МИКтин сайтына жайгаштырылат;
6) курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу курулуш жүргүзүүдө жаңы турак жайды куруу же эски турак жайды реконструкциялоо үчүн жеке сектордун инвестицияларын тартуу каралган. Механизмдин маңызы инвестициялык макулдашууга ылайык курулуш объектин куруу, эксплуатациялоо жана жеке өнөктөш (инвестор) тарабынан МИКке өткөрүп берүү болуп саналат. Инвестициялык макулдашуунун шарттары МИКтин сайтына жарыяланууга тийиш.";
- 19, 27-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;