КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-февралы № 53
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
Жер кадастры, жер мамилелери, кадастрдык картография, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо, жер рыногун жана кыймылсыз мүлктү талдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын уставы жана башкаруу схемасы 4 жана 5-тиркемелерге ылайык.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пункттун төртүнчү абзацы, 3-пункттун 2, 18, 20-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 3, 4, 33, 36, 37-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пунктта:
"Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"7198", "1228", "122", "6903", "1165" деген цифралар тиешелүү түрдө "6979", "1199", "119", "6684", "1136" деген цифраларга алмаштырылсын;