Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 10
Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын аймагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди жана иш-чараларды ишке ашырууну, анын ичинде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелер саналат.
2. Ушул Мыйзам:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ушул Мыйзамда жана саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын ишке ашырылышына саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
2-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укук ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын негизги максаты болуп саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу саналат.
2. Саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калктын саламаттыгын чыңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;