Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 80
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2026-жылдын 30-январындагы № 40, 2026-жылдын 23-февралындагы № 125, 2026-жылдын 25-августундагы № 576 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) эки айлык мөөнөттө Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырсын;
4) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке берип турсун.
3. Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
1) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте кабыл алынган Программанын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жана маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2026-жылдын 30-январындагы № 40 , 2026-жылдын 23-февралындагы № 125, 2026-жылдын 25-августундагы № 576 токтомдорунун редакциясына ылайык)