Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-декабры № 681
"Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Элдик Курултайдын ишин камсыз кылуу максатында, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87, 164-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемеси (мындан ары - Катчылык) түзүлсүн.
2. "Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Катчылык бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында каттоодон өтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги зарыл болгон акча каражатын тапсын жана Катчылыктын ишин каржылоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте Катчылыкты керектүү жайлар менен камсыз кылсын.
6. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) белгиленген компетенциясынын чегинде Катчылыкка жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда ага зарыл болгон көмөктү көрсөтсүн.
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
"Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Катчылыктын жетекчиси | 4,13 |
2 | Эксперт | 4,05 |
Эскертүү: Элдик Курултайдын катчылыгынын кызматкерлерине эмгегинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейинки өлчөмдө пайыздык үстөк төлөнөт.".