Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024 -жылдын 26-марты №1
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча Методикалык колдонмону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары –Тизмек), тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин кадр иштери, документтик камыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмү жетекчиликке бир айлык мөөнөттө форма жана үлгү боюнча мамлекеттик органдагы коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин басма сөз катчысы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин ведомстволук сайтына Тизмекти жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин инвесторлорду укуктук коргоо бөлүмү мыйзамда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн жиберсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде – маалымат үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешке – маалымат үчүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 76-Н буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИ
2024 -жылдын 26-марты №1