Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр
жайы министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492, 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) суу ресурстары, анын ичинде суу фонду, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, жерлерди мелиорациялоо, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарбачылыгы, ветеринария, балык өстүрүү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, айыл чарба багытындагы жерлер (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жана жайыттар), тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы (этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну кошпогондо), жер жана суу мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо, ошондой эле жашыл жана органикалык айыл чарба, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чаралар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
4. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле казыналык системасында эсептери бар. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамиленин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
6. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "САЧКӨМ";
- расмий тилде: "МВСХПП".
2-глава. Министрликтин максаты
7. Министрликтин негизги максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, класстердик өндүрүштүн негизинде кошумча нарктын чынжырчасын өнүктүрүү, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, айыл чарба жана суу чарбасын өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык маанисин эске алуу менен суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону комплекстүү жана натыйжалуу башкаруу, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, жашыл жана органикалык айыл чарбасын илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чараларды көрүү, ошондой эле жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объекттерин жана суу чарба инфратүзүмдөрүн күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануунун эрежелеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо болуп саналат.