| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү, ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары -ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо, тоют менен камсыздоону координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат, анын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери юридикалык жак болуп саналат. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Служба ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВМЧӨЖТК";
- расмий тилде: "СВРЖПК".
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96б.
7. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүргүзөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Кызматтын максаты жана милдеттери
8. Кызматтын максаты адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калктын саламаттыгын коргоону, эпизоотиялык бакубаттыкты, ветеринардык-санитардык коопсуздукту, ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, мал чарба тармактарында эпизоотиялык бейпилдикти камсыз кылуунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү үчүн жайыт экосистемаларын жана алардын инфратүзүмүн, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү болуп саналат.
9. Кызматтын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калктын саламаттыгын коргоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык бакубаттыкты камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын киришинен жана жайылышынан коргоо;
- бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбеген көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүү, ташып чыгаруу, реэкспорттоо жана транзит менен өткөрүү эрежелерин бузуунун алдын алуу жана бөгөт коюу;
- ветеринардык-санитардык абалды изилдөө жана баалоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттердин, ошондой эле тамак-аштан уулануулардын пайда болуу жана жайылуу себептерин жана шарттарын аныктоо;
- ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү;
- ветеринария боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча милдеттерди аткаруу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча ветеринария, эпизоотиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун түзүү жана өнүктүрүү;
- ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу;
- ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоо, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана тоюттарды декларациялоо;
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартууга негизделген жайыттарды туруктуу башкарууну жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
- асыл тукум мал чарбасын өндүрүүнү жогорулатуу жана анын продукциясын ички жана тышкы рыноктордо сатуу;
- өндүрүлүүчү жана сатылуучу мал чарбасынын асыл тукум продукциясынын сапатын жогорулатуу жана ассортиментин кеңейтүү;
- мал чарбасын жана жайыттарды жакшыртуу жаатындагы өндүрүш практикасына илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү;
- жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
- жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды, ошондой эле жаныбарлардын инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларына каршы күрөшүү стратегиясынын илимий негиздерин иштеп чыгуу багытында илим-изилдөө, илимий-билим берүү жана өндүрүштүк иш;
- тармактардын ветеринардык бакубаттуулугун туруктуу камсыз кылуу максатында жаныбарлардын, канаттуулардын, аарылардын жана балыктардын инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларын диагностикалоо, атайын профилактикалоо, дарылоо үчүн биологиялык препараттардын биотехнологияларын, методдорду жана каражаттарды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- жаңы диагностикалык тест-системаларын, профилактикалык, дарылоочу препараттарды, аларды пайдалануунун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу жана өңдүрүшкө ишке киргизүү;
- республика аймагында жүгүртүлүүчү вакциналарга жана башка ветеринардык препараттарга техникалык атайын багыттарды иштеп чыгуу;
- айыл чарба, жапайы жана үй жаныбарларынын, канаттуулардын, аарылардын, балыктардын арасында эпидемиологиялык бейпилдикти колдоо боюнча инфекциялык жана инвазиялык оорулар боюнча эпизоотиялык мониторингдин улуттук программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу;
- биологиялык препараттарды жасоо үчүн өстүрүлгөн микробдордун жана вирустардын штаммдарын изилдөө, селекциялоо, колдоо жана сактоо;
- ветеринардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба практикасына жайылтуу жана киргизүү, стажировкаларды, консультациялык кызматтарды уюштуруу, ветеринардык медицинанын актуалдуу маселелери боюнча илимий эмгектерди жана сунуштарды жайылтуу;
- ветеринардык медицина жаатында биргелешкен инновациялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлору менен кызматташуу;
- эпизоотияга каршы иш-чаралардын планына ылайык жаныбарлардын ылаңдары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүү;
- жаныбарлардын дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан айрым ооруларга статус алуу үчүн стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү.