Загрузка документа…
19-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин
департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келинишинен (киргизүүдөн), киришинен жана/же жайылып кетүүсүнөн коргоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн сактоо, ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өзүнүн ишин Министрликтин башка ведомстволук бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле өздүк эсеби болот.
6. Департамент уюштуруу-укуктук формасы боюнча мекеме болуп саналат.
7. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти";
- расмий тилде: "Департамент химизации, защиты и карантина растений при Министерстве водных ресурсөв, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ӨХККД";
- расмий тилде: "ДХЗКР".