21-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Институт Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасындагы айыл чарба, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатында жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп саналат.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Илим жөнүндө" Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик), илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин жетекчиликке алат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өткөрүлүүгө тийиш.
5. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук көз карандысыздыгы, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен тегерек мөөрү жана штамптары бар, тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Кыргызский научно-исследовательский институт земледелия имени К.К.Азыкова" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КДИИИ";
- расмий тилде: "КНИИЗ".
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Институттун юридикалык дареги: 720027, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тимур Фрунзе көчөсү, 73/1.
8. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара аракеттенет.
Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
2-глава. Институттун ишинин максаты
9. Институттун максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн дыйканчылык, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатында илимий-изилдөө иштери болуп саналат.