Загрузка документа…
24-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз
ирригация илимий-изилдөө институту жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасында ирригация, мелиорация, жана сугат дыйканчылыгы жаатындагы жогорку илимий-изилдөө мекеме болуп эсептелет.
Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик), илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
5. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулукка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар, тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт ирригации" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КИИИИ".
- расмий тилде: "КНИИИ".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)