КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз ХХXIV сессиясы
2024-жыл 29-марты №159/34-8
«Кара-Көл шаардык мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү »
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Г.О. Сатарованын “Кара-Көл шаардык мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө сунушун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Көл шаардык мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев) жана көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |