Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

БЕКИТИЛДИ:

Кара-Көл шаардык кеңешинин

29. 03.2024-ж. XXXIV сессиясынын

№159/34-8 сандуу токтому менен

 

 

“Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан жеңилдиктер беренесинен бир жолу материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө”

Жобо

1.Жалпы жоболор

1.1 Кара-Көл шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерге (Улуу Ата-Мекендик Согуш, Афганистан согушу, Чернобыль АЭСнын апаатын жоюуга катышкандар, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоого катышкандар – Апрель, Июнь окуялары, Баткен коогалаңы ж.б), баатыр энелерге, жетим балдарга, карыяларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана муктаж аярлуу катмардагы жарандарга кошумча белгиленген социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келген, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө”, “Чернобыль апаатынан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө”, ”2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдарына жана КРнын башка ченемдик укуктук актыларына таянып жергиликтүү бюджеттин эсебинен мэрия аркылуу жүргүзүлөт.

1.2 Мэриянын жеңилдиктер беренесинде материалдык жардам көрсөтүүгө каралуучу чыгымдар шаардык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинде жыл сайын каралат.

1.3 Жеңилдиктер беренесинде материалдык жардамга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар ШЭМСКБнын сунушу менен социалдык кепилдиктерди алууга укугу бар жарандарга жана аларга карата өткөрүлүүчү иш чараларга каржыланат.

1.4 Жеңилдиктер беренесинде материалдык жардамга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар, ооруга чалдыгып, турмуштук кыйын кырдаалга кабылган жарандарга жана аз камсыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шаар тургундарына бир жолу материалдык жардам көрсөтүүгө пайдаланылат.

1.5 Жаш адис медиктерге, мугалимдерге жана маданият кызматкерлерине турак жайын ижаралоо үчүн материалдык жардам көрсөтүлөт.

1.6 Кара-Көл шаарынын мэриясынын жеңилдиктер беренесинде шаар тургундарына материалдык жардам көрсөтүү тартиби жана материалдык жардам көрсөтүүгө каралган каражаттарын пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү ушул жобонун негизинде аныкталып жүзөгө ашырылат.

 

2. Жеке арызынын же каттын негизинде жарандарга материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби

2.1   Жеңилдиктер беренесинде материалдык жардамга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечимине ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланылат.

2.2   Ар бир маселе боюнча комиссия карап чечим кабыл алат. Комиссиянын чечимин тариздеп, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коюп, мөөр басылгандан кийин анын негизинде мэриянын башкы бухгалтери жардам алуучунун атына банк аркылуу тиешелүү акча каражатын жеңилдиктер беренесинен которот.

2.3   Жеңилдиктер беренесинде материалдык жардамга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар шаар тургундарына ооруга чалдыккан маалда бир жолу материалдык жардам көрсөтүүгө төмөндөгү учурларда жол берилет:

а) ден соолугу начарлап өтө оор дартка чалдыккан, дарылануусу чет мамлекеттерде жана коңшулаш өлкөлөрдө жүргүзүлө турган аз камсыз шаар тургундарына (боор, бөйрөк алмаштыруу, рак ж.б.у.с. операцияларга) 100 000 (жүз миң) сомго чейин материалдык жардам көрсөтүүгө;

б) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өтө оор дартка чалдыккан, дарылануусу өзүбүздүн мамлекетте жүргүзүлө турган аз камсыз шаар тургундарына 50 000 (элүү миң) сомго чейин материалдык жардам көрсөтүүгө;

в) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өнөкөт оорусу бар аз камсыз шаар тургундарынын дарылануусуна 10 000 (он миң ) сомго чейин материалдык жардам көрсөтүүгө;

г) турмуштук оор кырдаалга кабылган, шаарыбыздын аз камсыз үй-бүлөлөрүнө дары-дармек алууга 5 000 (беш миң) сомго чейин материалдык жардам көрсөтүүгө.

2.5 Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды реабилитациялоо, кароосуз калган жарандарды жатак үйлөргө, ооруканаларга жайгаштыруу иш-чараларына ( тамак-аш, кийим кече, жол кире ж.б.) 15000 (он беш миң) сомго чейин.

2.6 Турак жайы өрткө жана табигый кырсыктарга кабылып турмуштук оор кырдаалга кабылган шаар тургундарынын үй-бүлөлөрүнө 50000(элүү миң)сомго чейин.

2.7 Арыздын негизинде бир эле адамга жыл сайын материалдык жардам көрсөтүүгө болбойт, алар эки жылда бир жолудан көп эмес алышы мүмкүн.

  1. Материалдык жардам көрсөтүүнүн жол жоболору

3.1   Дарылоо зарылдыгына байланыштуу бир жолу материалдык жардам көрсөтүү маселесин кароо үчүн жарандардын же алардын өкүлдөрүнүн Кара-Көл шаарынын мэринин же Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасынын атына жазуу жүзүндөгү эркин формадагы арызы негиз болот жана ага төмөнкү документтер тиркелет:

-дарылоо, дары-дармектерди сатып алуу зарылдыгы жөнүндө медициналык мекеменин маалымкаты;

-оорулууну дарылатуу керектигин көргөзгөн медициналык мекеменин маалымат каты.

3.2   Материалдык жардамга муктаж болгон жаран төмөнкү документтерди берет:

-оор турмуштук кырдаалга же өзгөчө кырдаал жөнүндө кыскача маалымат камтылган

Кара-Көл шаарынын мэринин атына эркин формада арыз;

- жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;

- паспорттордун көчүрмөсү;

- пенсиялык күбөлүктөрдүн көчүрмөсү(эгер бар болсо);

- шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан аз камсыз

үй-бүлө катары каттоодо турганы жөнүндө маалымкат.

-турмуш-жашоо шарты боюнча акт шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана

миграция башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.

-жарандардын үйү өрттөнгөнүн тастыктаган, келтирилген чыгымдарды көрсөткөн маалым кат шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

3.3   Жаш адис медиктерге, мугалимдерге жана маданият кызматкерлерине турак-жайын ижаралоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү үчүн, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин каты негиз болот. Ага материалдык жардам алуучунун жана анын жубайынын наамында менчик үйү жок экендиги жөнүндө расмий тактама тиркелет.

3.4   Жарандардын арыздарын кароо жана маселелер боюнча чечим кабыл алуу боюнча Кара-Көл шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссия 14 жумуш күн ичинде арыз ээсинин катышуусунда карайт жана негиздүү жооп берет.

3.5   Материалдык жардамга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:

-билим берүү мекемелеринде окуу үчүн төлөөгө;

-коммуналдык кызматтарды төлөөгө;

-үйлөрдү жана чатырларды оңдоого.

4. Материалдык жардам көрсөтүүгө каралган каражаттар боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби.

4.1 Каражаттарды тескөөчүлөр жана каражаттарды алуучулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жеңилдиктер беренесиндеги акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жоопкерчилик тартат.

4.2 Жеңилдиктер беренесиндеги акча каражаттарын эсепке алуу башкы тескөөчүнүн жана алуучунун өзүнчө казыналык эсеп-счетторуна (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө) жүргүзүлөт.

4.3 Мэриянын башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык отчетту түзөт жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырат.

 

Жооптуу катчы                                                                            К.И.Нурматова