Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 12-апрели ПЖ № 94
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 31-майындагы ПЖ № 131 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин натыйжалуу эксперттик-талдоочулук колдоону камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (мындан ары - Улуттук институт) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Улуттук институттун уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Улуттук институттун штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Улуттук институттун директорунун, анын орун басарларынын жана негизги персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка.
3. Улуттук институттун негизги персоналына эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпулду төлөө белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) төмөнкүлөрдү бекитсин:
- кайра уюшулган юридикалык жактардын өткөрүп берүү актысы;
- Улуттук институттун директорунун, анын орун басарларынын жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
3) үч айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Улуттук институт юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) боюнча бардык зарыл жол-жоболорду белгиленген тартипте жүргүзсүн.
6. (КР Президентинин 2024-жылдын 31-майындагы ПЖ № 131 Жарлыгынын редакциясына ылайык колдонулушу жокко чыгарылды)