Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы N 130 токтомуна)
Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул аккредитациялоо тартиби Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык Аудиторлордун кесиптик квалификациясынын программасы (мындан ары - КК программасы) жана Аудиторлорго кесиптик билимди үзгүлтүксүз берүү программасы (мындан ары - КБҮБ программасы) боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин (мындан ары - КАБ) окуу программаларын аккредитациялоону уюштуруу тартибин регламенттейт.
2. Аудитордун КК программасы аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилет жана кошумча кесиптик билим берүү программасы болуп саналат.
3. Аудитордун кесиптик квалификациясынын үч деңгээли бар: базалык (биринчи), орто (экинчи) жана тереңдетилген (үчүнчү).
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер аудитордук иш жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде жана маңыздарда кабыл алынат жана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 токтому менен бекитилди) |
Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу
программаларын аккредитациялоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор