Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фондунун (мындан ары - Илим фонду) ишинин тартибин, ошондой эле Илим фондунун финансылык каражаттарын түзүүнүн, пайдалануунун, эсепке алуунун жана башкаруунун тартибин аныктайт.
2. Илим фондунун иши илим, финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Илим фондунун каражаттары илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоонун негизги булактарынын бири болуп саналат.
4. Илим фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде юридикалык жактын статусу жок түзүлөт.
5. Илим фондунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналыктын системасында бюджеттик, атайын, депозиттик эсептер ачылат.
6. Илим фонду өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук ошондой эле илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
7. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик тапшырык боюнча гранттар - юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди ишке ашырууга акчалай же натуралай түрдө акысыз субсидия;
илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий-техникалык кеңеши (мындан ары - ИТК) - мамлекеттик илимий-техникалык жана инновациялык саясатты жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдерди координациялоо, ишке ашыруу жана объективдүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик тапшырык боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу жана финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү эксперттик, коллегиалдуу, кеңеш берүүчү орган.
2-глава. Илим фондунун максаты жана милдети
8. Илим фондунун ишинин максаты илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү болуп саналат.
9. Илим фондунун милдети республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу максатында финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп саналат.