Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын xv сессиясы

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 5

 

Балыкчы шаарынын “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын шаар жашоочуларынын пайдаланган ыплас агынды сууларга болгон төлөм акыларынын тарифи жөнүндө

Балыкчы шаарынын “Суу түтүкчөлөр” МИ нын шаар жашоочуларынын пайдаланган ыплас сууларга болгон тарифин жогорулатуу тууралуу Балыкчы шаар мэриясынын 17.12.2021ж. № 01-18/16/56 кайрылуусунун негизинде шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык мекеменин сунуштаган тарифин, кызмат көрсөтүүдөгү экономикалык абалына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин облустук бөлүмүнүн № 6 14. 03.2022 ж. макулдашуусуна ылайык карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Балыкчы шаарынын “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын шаар жашоочуларынын пайдаланган ыплас агынды сууларга болгон кызмат акыларынын тарифтик баасы №1 тиркеменин 2 пунктуна ылайык бекитилсин.

 

2. Тарифтик төлөмдөр шаар жашоочуларынын пайдаланган ыплас агынды сууларга болгон тарифи “Балыкчы” газетасына жарыялангандан кийин 2023-жылдын 1-апрелинен баштап жүргүзүлсүн.

 

3. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясынын 15.03. 2022 ж. № 11 токтомунун № 1 тиркемесин 2 пункту “шаар жашоочуларга пайдаланылган ыплас сууларга” бекитилген тарифтик баасы жокко чыгарылсын.

 

4. Кабыл алынган бул токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.

 

5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Суу түтүкчөлөр” МИ на жана шаардык Кеңештин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кеңештин төрагасы

 

Ж.М. Абдразаков

 

 

 

 

Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13.03.2023-ж. XV сессиясынын № 5 токтомунун

№1 тиркемеси

 

Балыкчы шаарындагы “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасынын шаар жашоочуларынын пайдаланган ыплас агынды сууларга болгон кызмат акыларынын

Т А Р И Ф И :

 

№ к\н

Тарифтердин

аталыштары

Өлч. бирдиги

Шаар жашоочуларга коюлган тариф (сом) менен

Башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга бекитилген тариф (сом) менен

1.

Суу түтүкчөдөн чыккан таза сууга тарифи

(өзгөртүүсүз)

 

1м3

9.60 сом

(өзгөртүүсүз -

XII сессия 22.11.2017- ж. бекитилген)

30,0 сом

(өзгөртүүсүз -

VIII сессия

15.03. 2022-ж.)

 

2.

Ыплас агынды сууга болгон тарифи

(канализация)

1 м3

9,06 сом

 

4,53с. мурункусу

XII сессия 22.11.2017 ж. бекитилген)

25,49  с.

(өзгөртүүсүз -

14,17-2019 ж)

 

 

Аппарат жетекчи

 

Ө.А. Рахманов