БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 15-мартындагы № 11
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин юридикалык башка керектөөчүлөргө таза сууга жана ыплас сууларга болгон төлөм акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
(Балыкчы шаардык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин шаардагы башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга болгон суунун жана саркынды сууга болгон кызмат акысынын тарифин жогорулатуу тууралуу Балыкчы шаар мэриясынын 17.12.2021ж. № 01-18/16/56 кайрылуусунун негизинде шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык мекеменин сунуштаган тарифин, кызмат көрсөтүүдөгү экономикалык абалына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин облустук бөлүмүнүн № 6 14. 03.2022 ж. макулдашуусуна ылайык карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин “башка керектөөчүлөргө, юридикалык жактарга сууга жана ыплас сууларга” кызмат акыларынын тарифтик баасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тарифтик төлөмдөр “башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга” 2022 жылдын 1 апрелинен баштап жүргүзүлсүн.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясынын 12.06. 2019 ж. № 4 токтомунун № 1 тиркемесиндеги “башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга сууга жана ыплас сууларга” бекитилген тыйын тарифтик баасы жокко чыгарылсын.
- “шаар жашоочуларына коюлган тариф” өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Кабыл алынган бул токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
6. Токтом жергиликтүү “Балыкчы” гезитине жана интернет сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөлгө алуу жагы “Суу түтүкчөлөр” МИ на жана шаардык Кеңештин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы |
| Ж.М. Абдразаков |
|
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII cессиясынын № 11 токтомуна №1 тиркемеси |
Балыкчы шаарындагы “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык мекемесинин башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга сууга жана ыплас сууларга кызмат акыларынын баасы боюнча
Т А Р И Ф И :
№ к\н | Аталыштары | Өлч. бирдиги | Шаар жашоочуларга коюлган тариф (сом) менен | Башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга бекитилген тариф (сом) менен |
1. | Суу түтүкчөдөн чыккан таза сууга
| 1м3 | 9.60 с. (XII сессия 22.11.2017 ж.бекитилген) | 30, 0 с. (18,25 с - 2019ж) |
2. | (Балыкчы шаардык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 5 токтомуна ылайык жокко чыкты) | |||