«Акылман» президенттик лицейи" мекемесинин Уставы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ N 90 тескемесине)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ N 90 тескемесине)
"Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Акылман" президенттик лицейи" мекемеси (мындан ары - Лицей) негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму болуп саналат.
2. Лицей өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Лицей Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана анын түздөн-түз баш ийүүсүндө турат. Лицейдин оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлкү, өз алдынча балансы, казыналык системасында, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдерде жазылган мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.
4. Лицейдин уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
5. Лицейдин менчигинин формасы - мамлекеттик. Лицейдин иштөө мөөнөтү чектелбеген.
6. Лицей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Лицейде саясий партияларды, диний уюмдарды түзүүгө жана алардын иштешине жол берилбейт.
8. Окуучуларды коомдук бирикмелерге, анын ичинде саясий партияларга кирүүгө мажбурлоого, ошондой эле аларды ушул бирикмелердин ишине мажбурлап тартууга, үгүттөө өнөктүгүнө жана саясий акцияларга катыштырууга жол берилбейт.
9. Лицей өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, коомдук бирикмелер, башка уюмдар жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен өз алдынча жүзөгө ашырат.
10. Лицей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Лицей билим берүү жана финансы-экономикалык ишин өз алдынча жүзөгө ашырат, башкаруучулук чечимдерди, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, билим берүү жана башка зарыл иштерди колдоо жана өнүктүрүү максатында бюджеттик жана атайын каражаттарды тескейт.
12. Лицейдин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Акылман" президенттик лицейи" мекемеси";
- расмий тилде: "учреждение "Президентский лицей "Акылман";
- англис тилинде: "Akylman" Presidential School";
Лицейдин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Акылман" Президенттик лицейи";
- расмий тилде: "Президентский лицей "Акылман";
- англис тилинде: "Akylman" Presidential School."
13. Лицейдин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш., Акматбай-Ата көч., үй № 8/2.
2-глава. Лицейдин максаттары, милдеттери жана ишинин принциптери
14. Лицейдин ишинин негизги максаты табигый-илимий, математикалык, техникалык, гуманитардык багыттагы жана IT тармагындагы предметтер боюнча инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, профилдик билим берүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кадрларды кошумча кесипке чейинки даярдоо болуп саналат.
15. Лицейдин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) окуучулардын руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарын, интеллектуалдык жөндөмдөрүн, XXI кылымдын көндүмдөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө, табигый-илимий, математикалык, IT, техникалык жана гуманитардык билим берүү багыттары боюнча алардын илимий жана чыгармачылык потенциалын ачууга жөндөм түзүүчү билим берүү программаларын ишке ашыруу;
2) Лицейде билим берүүнүн сапатын баалоо системасын түзүү;
3) спорттук-ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу жолу менен окуучулардын сергек жашоо мүнөзүн жана дене-бой өнүгүүсүн калыптандыруу;
4) Лицейдин окуучуларын жана кызматкерлерин акысыз негизде тамак-аш жана турууга жай менен камсыз кылуу;
5) милдеттүү профилактикалык-медициналык кароолорду жүргүзүү, анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен;
6) окуучуларды профилактикалык кароолордун натыйжалары боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүгө жиберүү;
7) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга багытталган инновациялык технологияларды киргизүү;
8) окуучулардын арасында психикалык саламаттыкты, укук бузууларды жана зыяндуу нерселерге көз карандылыктын алдын алуу;
9) кесиптик өсүүнү үзгүлтүксүз жогорулатуу системасы аркылуу Лицейдин педагогдорунун кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
10) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Лицейдин педагогунун квалификациялык деңгээлин ыктыярдуу аттестациялоо жана сертификациялоо жолу менен тастыктоо;
11) кошумча билим берүү программаларын кылдат тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн профилге чейинки окутууну уюштуруу;
12) республика боюнча эң таланттуу жана зээндүү балдарды тандоо.
16. Лицей өзүнүн ишин төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырат:
1) академиялык эркиндик;
2) билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү интеграциялоо;
3) автономиялуулук жана өз алдынча башкаруучулук;
4) чечимдерди кабыл алуунун коллегиялуулугу;
5) социалдык жоопкерчилик жана айкындуулук.