КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 токтомуна)
|
Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- мектептик жалпы билим берүүнүн коомдук макулдашылган артыкчылыктарын;
- мектептик жалпы билим берүүнүн максатын жана милдеттерин;
- негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана аларга жетишүүнүн деңгээлдерин;
- билим берүү системасынын, жалпы билим берүү уюмунун, класстын жана окуучунун өз алдынча деңгээлинде билим берүүнүн натыйжаларын баалоонун негизги принциптерин;
- мектептик жалпы билим берүүдөгү уюштуруучулук жана методикалык (технологиялык) өзгөрүүлөрдү.
2. Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- билим берүү системасын компетенттүүлүк негизде түзүүнү жана мектептик жалпы билим берүүнү коомдук социалдык тапшырыгы менен шайкеш келтирүүнү;
- мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарында бардык билим берүү чөйрөлөрүнүн белгиленген максаттарын жүзөгө ашырууну;
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, жалпы билим берүү программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгууну;
- мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарында предметтик стандарттардын жана жалпы билим берүү программаларынын ырааттуулугун;
- окуу жүктөмүн оптималдаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү предметтерди интеграциялоо боюнча методикалык негиздерди;
- жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн даярдык деңгээлин калыс баалоону;
- Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөөнү.
3. Мамлекеттик стандарт билим берүүнүн белгилүү натыйжаларына жетишүү үчүн билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун - билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн), ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жоопкерчилик чөйрөлөрүн аныктайт.
Бул максат билим берүү тармагында саясатты иштеп чыгууда билим берүүнү башкаруу органдары стратегиялык, программалык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана мугалимдерин, ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү), окуучулардын өздөрүн катыштырат.
4. Окуучуларды окутууда Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде аныкталган артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына ылайык келишин камсыздоо үчүн зарылдыгына жараша Мамлекеттик стандарт кайра каралып жана жаңыланып турат.
5. Ушул Мамлекеттик стандарттагы негизги түшүнүктөр жана терминдер төмөнкү мааниде пайдаланылат:
- базалык жалпы билим берүү предметтери - мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарындагы милдеттүү предметтер;
- базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун жана окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилеген документ;
- тарбиялоо - инсанды өнүктүрүүгө, адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарындагы коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелердин жана ченемдеринин, социалдык-маданий, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде окуучуга өзүн-өзү аныктоого жана социалдашууга шарттарды түзүүгө багытталган иш;
- мамлекеттик (инварианттык) компонент - Мамлекеттик стандарттын талаптарын ишке ашыруучу жана бардык типтеги жана менчиктигинин формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө окутулуучу базистик окуу планынын түзүмдүк элементи;
- Мамлекеттик стандарт - билим берүүнүн бардык чөйрөлөрүндө белгиленген максаттарды мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарында жүзөгө ашырууну камсыздаган, билим берүү процессин жөнгө салган, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү системасын өнүктүрүүнү камсыз кылган ченемдик укуктук документ;
- диагностикалык баалоо - окуучунун өнүгүүсүн кийин баалоо үчүн анын калыптанган компетенцияларынын башталгыч деңгээлин аныктоочу процесс;
- "жашыл көндүмдөр" - экологиялык коопсуз жашоо ыкмаларын өздөштүрүү, туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду өнүктүрүү жана колдоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон билим, баалуулуктар жана мамилелер;
- жеке билим берүү траекториясы - мугалимдердин ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүүсүндөгү координациялык, уюштуруучулук, консультациялык ишмердигинде жүзөгө ашырылган окуучунун жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, жүйөлөрүнө, кызыкчылыктарына ылайык келген жеке билим алуу максаттарын ишке ашыруу боюнча алардын ар биринин окуу ишмердигинин элементтеринин белгилүү ырааттуулугу;
- инклюзивдик билим берүү - билим алуу муктаждыктарынын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн эске алуу менен бардык окуучулар үчүн бирдей билим алууну камсыз кылуу;
- интеграция - окуучуларды дүйнөнү бирдиктүү кабылдоону калыптандырууга жана негизги компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө жалпысынан багытталган айрым предметтердин, билим берүү чөйрөлөрдүн, билим берүү процессинин алкагындагы мазмундун түзүмдүк компоненттеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жана өз ара байланышын камсыздоо процесси;
- билим берүүнүн сапаты - билим берүүнүн натыйжасынын билим берүүнүн ар кандай субъекттеринин (окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), иш берүүчүлөрдүн, жалпы коомдун) күтүүлөрүнө же билим алуу боюнча алар койгон максаттарга жана милдеттерге ылайык келүү даражасы;
- негизги компетенттүүлүктөр - социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн ченелүүчү натыйжасы;
- компетенттүүлүк - белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонгон адамдын интеграцияланган жөндөмү;
- компетенция - окуучуну билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иштеши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);
- критерийлер боюнча баалоо - так аныкталган, биргелешип иштелип чыккан, билим берүүнүн максаттарына жана мазмунуна шайкеш келген, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга түрткү берген, окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн мурда белгилүү болгон критерийлер менен салыштырууга негизделген окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо;
- медиасабаттуулук - билдирүүлөрдү ар кандай формада колдонуу, талдоо, баалоо жана жеткирүү жөндөмдүүлүгү;
- билим берүү - инсанды гармониялуу өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан белгиленген билим деңгээлине жетишин ырастоо менен коштолгон жана тиешелүү документ менен күбөлөндүрүлгөн тарбиялоонун жана окутуунун үзгүлтүксүз системалуу процесси;
- билим берүү чөйрөсү - адамдын ишмердигинин белгилүү чөйрөсүнө таандык, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан ыңгайлашкан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;
- билим берүү (окуу) программасы - предметтик стандарттын негизинде иштелип чыккан жана предметтин мазмунунун окутуу темалары, бөлүмдөрү жана мезгилдери боюнча бөлүштүрүлгөн, уюштуруу-педагогикалык шарттарды, анын ичинде болжолдуу календардык-тематикалык пландаштырууну жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун формаларын жөнгө салуучу документ;
- билим берүү процесси - мугалимдердин түздөн-түз катышуусу менен ар кандай түрдөгү сабактардын формалары жана окуучулардын өз алдынча окуулары, ошондой эле окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн сынактары, зачеттору, аттестациялоонун башка түрлөрү сыяктуу окутуунун жана тарбиялоонун уюштурулган процесси;
- билим берүү натыйжасы - негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү деңгээлинде чагылдырган, билим берүү процессинин белгилүү этабындагы окуучулардын билим алуу жетишкендиктеринин топтому;
- билим берүү чөйрөсү - окуучуларга окутуучу жана тарбиялоочу таасир тийгизген атайын уюштурулган шарттардын, процесстердин жана социалдык өз ара аракеттенүүлөрдүн жыйындысы;
- окутуу - окуучулардын билимди, билгичтикти, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү, билимин күнүмдүк жашоодо колдонууда тажрыйба топтоо жана жашоосундагы билим алууну улантууга жүйөлештүрүү боюнча ишмердигин уюштуруунун максаттуу багытталган процесси;
- белги - символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун сандык туюнтмасы;
- баа - окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруусу;
- баалоо - окуучулардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар турмушта зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Мамлекеттик стандартынын талаптарына бул иштин жыйынтыктарынын шайкештигин аныктоо үчүн окуучулар, мугалимдер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен эки жактуу байланышты жүзөгө ашырууга багытталган окуучулардын билим арттыруучу ишмердигин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;
- предметтик компетенттүүлүк - билим берүү натыйжаларынын жыйындысы түрүндө айрым предметтин материалында аныкталуучу компетенттүүлүктөр;
- предметтик стандарт - предметтин алкагында окуучулардын билим алуу натыйжаларын, аларга жетишүү ыкмаларын жана ченөө жолдорун регламенттөөчү документ;
- тандоо боюнча предметтер - гимназиялардын/лицейлердин багыттарын аныктоочу жана окуучулардын тандоосуна сунушталуучу окуу предметтери же элективдик, профилдик курстар;
- долбоордук окутуу - практикалык же теориялык маанилүү маселелерди чечүүдө алынуучу, окуучулардын өз алдынча жана топтук ишин талап кылган натыйжаларга багытталган окуучулардын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук ишмердигин уюштурууну камсыз кылуучу педагогикалык технология;
- профилдик билим берүү - окуучулардын келечектеги кесиптик кызыкчылыктарын жана жөндөмдөрүн эске алууга мүмкүндүк берген жогорку класстарда ар кандай программалар (профилдер) боюнча окутуу жүргүзүлгөн жалпы орто билим берүүнү уюштуруу системасы;
- билим берүү системасы - ырааттуу жалпы билим берүү программаларынын, Мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын, аларды жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин жана уюмдардын өз ара аракеттенүүчү жыйындысы;
- баалоо системасы - окутуунун жетишкендиктерин өлчөөчү жана көйгөйлөрүн аныктоочу, эки жактуу байланышты түзүүчү, мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө), мамлекеттик жана коомдук түзүмдөргө билим берүүнүн абалын, көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин маалымдоочу негизги каражат;
- билим берүүнүн сапатын баалоо системасы - окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин, билим берүү уюмдарынын жана алардын системасынын иштеринин натыйжалуулугун, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизги керектөөчүлөрүнүн суранычтарын эске алуу менен билим берүү программаларынын сапатын бирдиктүү концептуалдык-методологиялык базага негизделген баалоону камсыздаган уюштуруучулук жана функционалдык түзүмдөрдүн, ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы;
- социалдык-эмоционалдык өнүгүү - окуучуларда өзүнө, башка адамдарга, курчап турган дүйнөгө аң-сезимдүү эмоционалдык оң мамиле кылууну максаттуу өнүктүрүү, өзүнүн жана башкалардын эмоционалдык абалын тең салмактуу колдонууну, ошондой эле коомдо социалдык маанилүү жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү;
- суммативдик баалоо - окутуунун натыйжаларына окуучулардын жетишкен даражасын аныктоочу белги коюу менен туюндурулат. Суммативдик баалоо учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу болушу мүмкүн;
- окутуу технологиясы - билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруу ыкмаларынын жана методдорунун системасы;
- билим берүү процессинин катышуучулары - окуучулар, мугалимдер, билим берүү уюмдарынын жетектөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналы, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);
- формативдик баалоо - окуучулардын окуу процессинде кандай деңгээлде экендигин, алар кайсы жерде кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын жана окуучу менен мугалим билим алуу процессин жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасаш керектиги боюнча мугалимди маанилүү маалымат менен камсыздаган баалоо;
- функционалдык сабаттуулук - адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө практикалык жана турмуштук маселелердин кеңири диапазонун чечүү үчүн окуу процессинде алган билимдерин, билгичтигин жана көндүмдөрүн колдоно алуу жөндөмдүүлүгү;
- окутуунун максаты - алдын ала аныкталган жана жазылган окуучунун келечектеги ишинин шарттары жана ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ал ээ болгон иштин мүмкүн болуучу түрлөрүнө карата анын жөндөмдүүлүгү;
- мектептик (вариативдик) компонент - окуучулардын керектөөлөрүн жана жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен жалпы билим берүү уюму аныктаган, бардык түрдөгү жана менчигинин формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө окутуулучу мектептик жалпы билим берүүнүн базистик окуу планынын түзүмдүк элементи;
- мектептик жалпы билим берүү - баскычтарына шайкеш билимди, көндүмдөрдү, баалуулуктарды жана практикалык көнүгүүлөрдү камсыздаган, бүтүрүүчүнүн коомдо активдүү ишмердүүлүгү үчүн жетиштүү тарбиялоо жана билим берүү системасы.