Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 22-майы № 256

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине

караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин

маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 24-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттеринин тышкы экономикалык иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.

2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Ишкананын уюмдаштыруучу документи болуп ушул Устав саналат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) болуп саналат.

3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, мамлекеттик башкаруу органынын актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.