РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 291-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Азербайжан Республикасынын Финансылык мониторинг кызматынын ортосундагы Акчаларды адалдоо, терроризмди каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо менен байланышкан финансылык чалгындоо маалыматтарын алмашуудагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун долбооруна макулдук берүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 29-майы № 291-т

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Азербайжан Республикасынын Финансылык мониторинг кызматынын ортосундагы Акчаларды адалдоо, терроризмди каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо менен байланышкан финансылык чалгындоо маалыматтарын алмашуудагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасына аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров