РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 256-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Каркыра эко-шаары» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Каркыра» жыл бою иштей турган тоо комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 22.05.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 22-майы № 256-т

 

"Каркыра" жыл бою иштей турган тоо комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Каркыра эко-шаары" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы "Каркыра" жыл бою иштей турган тоо комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директоруна жогоруда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров