Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 514-VIII токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 8-июну № 1249-VII

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктун жана 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун онунчу абзацында "Эшимов Акылбек Жусупович" деген сөздөр "Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

               Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев