РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 339-т («Азия Нью Тек» айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 19.06.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 19-июну № 339-т

"Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Азия Нью Тек" айыл чарба техникасын чыгаруу боюнча завод" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 397-т тескемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 519-т тескемеси.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров