РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 373-т (2024-жылдын 29-июнун жумуш күнү деп белгилөө тууралуу) тескемеси

Редакцияот 24.06.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 24-июну № 373-т

 

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2024-жылдын 29-июну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2024-жылдын 29-июнун жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров