Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 25-1
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктуна негиз 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү “Элдик курултайга ” Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Т. Зулпуев атындыгы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет)
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин .(№3 тиркемеге ылайык)
5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагын өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кенештин депутаттары бекитилсин. (№4 тиркеме тиркелет)
6. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү өтүүчү курултай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00 дө өткөрүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык, этика маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | М. Бакиров |
| Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезектеги 25-сессиясынын №25-1 токтомуна №1-тиркеме |
Жергиликтүү курултайга депутаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайга
айылдын жашоочуларына жараша делегаттардын нормасы
№ | Айылдардын аталышы | Калкынын саны | Делегаттардын саны |
1 | Үч-Бай айылы | 3363 | 20 |
2 | Жатан айылы | 2305 | 14 |
3 | Өсөр айылы | 2965 | 18 |
4 | Калдай айылы | 2082 | 13 |
5 | Атамерек айылы | 2580 | 16 |
6 | Таштак айылы | 1079 | 7 |
7 | Кашкалдак айылы | 3580 | 22 |
8 | Чүчүк айылы | 2549 | 15 |
9 | Айбек айылы | 2359 | 14 |
10 | Камал Ата айылы | 1802 | 11 |
Катчы: | Ж. Аркозиева |
| Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезектеги 25-сессиясынын №25-1 токтомуна №2-тиркеме |
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын
чогулуштарын жана жыйындардын өткөрүү графиги
№ | Айылдардын аталышы | Өткөрүлө турган күн | Өткөрүлө турган жер |
1 | Үч-Бай айылы | 16.10.23 саат 10:00 | Үч –Бай орто мектеби |
2 | Жатан айылы | 16.10.23 саат 14:00 | Ысмайыл орто мектеби |
3 | Өсөр айылы | 17.10.23 саат 10:00 | Баргы орто мектеби |
4 | Калдай айылы | 17.10.23 саат 14:00 | Калдай орто мектеби |
5 | Атамерек айылы | 18.10.23 саат 10:00 | Б. Атишов орто мектеби |
6 | Таштак айылы | 18.10.23 саат 17:00 | Таштак айылы |
7 | Кашкалдак айылы | 19.10.23 саат 10:00 | М. Нурматов орто мектеби |
8 | Чүчүк айылы | 19.10.23.саат 14:00 | Чүчүк айылы |
9 | Айбек айылы | 20.10.23. саат 10:00 | С. Зулпуев атындагы Айбек орто мектеби |
10 | Камал Ата айылы | 20.10.23 саат 14:00 | Б. Абдиев орто мектеби |
Катчы: | Ж. Аркозиева |
| Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезектеги 25-сессиясынын №25-1 токтомуна №3-тиркеме |
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу
тобунун курамы
№ | Ф. И.О | курамы | кызматы |
1 | Бакиров Мирбек Шарабидинович | комиссиянын төрагасы | Айылдык кеңештин төрагасы |
2 | Төрөжанов Атабек | мүчөсү | депутат |
3 | Нурбек уулу Бекзат | мүчөсү | депутат |
4 | Матанова Тажикан | мүчөсү | депутат |
5 | Жунус уулу Мамбет | мүчөсү | депутат |
6 | Акматов Ильяз | мүчөсү | депутат |
7 | Кудайбердиев Замирбек | мүчөсү | депутат |
8 | Орунбаева Тасилкан | мүчөсү | депутат |
9 | Маматраимов Бексултан | мүчөсү | депутат |
10 | Мамасыдыков Мамазакир | мүчөсү | депутат |
11 | Манас уулу Замир | мүчөсү | депутат |
Катчы: | Ж. Аркозиева |
| Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезектеги 25-сессиясынын №25-1 токтомуна №4-тиркеме |
Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан
аймагында өткөрүүгө жооптуу болгон айылдык кеңешинин депутаттары
№ | Айылдардын аталышы | Өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттары |
1 | Үч-Бай айылы | Жунус уулу Мамбет |
2 | Жатан айылы | Каныбек уулу Абдулкадыр |
3 | Өсөр айылы | Абдибаитов Саид |
4 | Калдай айылы | Молдоматова Кундуз |
5 | Атамерек айылы | Матанова Тажикан |
6 | Таштак айылы | Нуранов Абдыманнап |
7 | Кашкалдак айылы | Кудайбердиев Замир |
8 | Чүчүк айылы | Маматраимов Бексултан |
9 | Айбек айылы | Айтматова Айнура |
10 | Камал Ата айылы | Орунбаева Тасилкан |