Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 347 токтому менен бекитилди) |
Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери
аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик
документтерди берүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691, 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 633 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартиби (мындан ары - Тартип) юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү боюнча катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле аларды берүүнүн шарттарын аныктайт.
2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана/же "Tunduk" мобилдик тиркемеси аркылуу түзүлгөн электрондук формадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, сервистер жана санариптик документтер катышуучулардын мобилдик тиркемелерине жайгаштырылат.
3. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (ЭКМП) - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү жана жайылтууга арналган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга арыз ээлеринин жетүүсүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык система;
2) "Tunduk" мобилдик тиркемеси ("Tunduk" МТ) - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү программалык камсыздоо;
3) катышуучу - төлөм системаларынын операторунун лицензиясына ээ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) катары катталган, "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын катышуучусу жана 100000ден (жүз миң) кем эмес колдонуучусу бар мобилдик тиркеменин ээси болуп саналган юридикалык жак;
4) колдонуучу - юридикалык жактын мобилдик тиркемесинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди колдонуучу болуп саналган, Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу идентификациялоодон өткөн юридикалык же жеке жак;
5) сервис - электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган ыкма менен көрсөтүү жана ЭКМПда жана/же "Tunduk" МТда түзүлгөн функцияларды ишке ашыруу максатында юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн ыкмасы;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр - тиешелүү маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээсинин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулган жана ЭКМПда жана/же "Tunduk" МТда түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу колдонуучуларга көрсөткөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелер жана ишканалар;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы;
8) оператору - ЭКМПда жана "Tunduk" МТда администрациялоого, модернизациялоого жана техникалык жактан коштоого ыйгарым укуктуу, катышуучулардын мобилдик тиркемелерине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу "Түндүк" ачык акционердик коому;
9) кызмат көрсөтүү - юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу, ЭКМПдагы санариптик (электрондук) формада берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү;
10) кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы - ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн, катышуучулардын мобилдик тиркемелери аркылуу берилүүчү электрондук документ (маалымкат, маалыматтык документ, санариптик документ). Электрондук документ формасындагы кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кагаз жүзүндөгү документке барабар деп таанылат;
11) катышуучунун мобилдик тиркемеси - ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн санариптик документтерди жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасын чагылдырууну жүзөгө ашыруучу, анын ичинде колдонуучунун кызмат көрсөтүүлөргө, сервистерге жана санариптик документтерге жетүүсүн камсыз кылуучу программалык камсыздоо;