КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 308
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине материалдык дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" |
|
|
|
3 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5552 | 974 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 253 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 530 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4769 | 781 |
1) 2024-жылдын 1-августунан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5595 | 974 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 253 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 530 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4812 | 781 |
| ". | ||
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 7-пунктчасында "кызматкерлердин эмгек акысына жана аларды" деген сөздөр "кызматкерлерди" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктта:
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) бекитилген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык сандын чегинде ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;";
11-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
- 1-пункт "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөр менен толукталсын;