Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Айыпталгандарга жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүү жаза аткаруу системасынын мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда (мындан ары - мекемелер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык көрсөтүлөт.
2. Айыпталгандарга жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүү ушул максаттарда түзүлүүчү мекемелердин медициналык бөлүнүштөрү (медициналык бөлүк, дарылоочу түзөтүү мекемеси, дарылоо-профилактикалык мекеме) же болбосо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан көрсөтүлөт.
3. Мекемелердин медициналык бөлүнүштөрүндө медициналык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн болбогон учурларда айыпталгандар жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондор саламаттык сактоо уюмдарынан зарыл болгон дарыланууну алат.
4. Медициналык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөрдө көрсөтүлөт.
Айыпталгандар жана соттолгондор Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөрдөн ашык өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча дарылоо-профилактикалык жардамды ала алат. Мындай медициналык кызмат көрсөтүүлөр мекемелердин саламаттык сактоо уюмдарынын же медициналык бөлүнүштөрүнүн шарттарында адистер тарабынан көрсөтүлөт.
2-глава. Медициналык жардамды уюштуруу
5. Айыпталгандарга жана соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу алардын ден соолугун коргоого болгон укуктарын камсыздоого багытталган профилактикалык, дарылоо-диагностикалык иш-чаралардын комплексин өзүнө камтыйт.
6. Жатак-абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор, анын ичинде жатак-абактардан сырткары жашаган соттолгондор ооруп калган учурда саламаттык сактоо уюмдарында жалпы негизде дарылануудан өтөт.
7. Медициналык бөлүктүн ишинин негизги максаты - мекемеде кармалган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү. Медициналык бөлүк материалдык-техникалык базасына жараша адистештирилген медициналык жардамдын айрым түрлөрүн камсыз кыла алат.
8. Медициналык бөлүк төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) ооруну аныктоо максатында айыпталгандарды жана соттолгондорду медициналык жактан текшерүү;
2) айыпталгандарды жана соттолгондорду диспансердик байкоо жана эсепке алуу;
3) ооруган айыпталгандарды жана соттолгондорду дарылоо;
4) дары каражаттарын, медициналык багыттагы башка буюмдарды сактоо жана аларды айыпталгандарга же соттолгондорго берүү;
5) акы төлөнүүчү жумуштарга тартылуучу соттолгондордун кесиптик жарамдуулугу боюнча медициналык каршы көрсөткүчтөрдү аныктоо;
6) убактылуу жумушка жарамсыздыгына экспертиза жүргүзүү.
9. Медициналык бөлүк өз курамына амбулаторияны, стационарды, медициналык изоляторду, дарыкананы жана стерилизациялоочу жайды (автоклавды) камтый алат. Медициналык бөлүктүн бардык жайлары коргоонун жана көзөмөлдөөнүн инженердик-техникалык каражаттары менен жабдылат.
Медициналык бөлүктүн курамында тиги же бул функционалдык бөлүнүштөрдүн болушу, стационардагы койкалардын саны жана медициналык персоналдын штаттык саны Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын медициналык камсыздоо кызматы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына жана аны толтуруу лимитине карата мекеменин аймактык жайгашуу өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
10. Медициналык бөлүктүн стационарында төмөнкүлөр үчүн арналган:
1) стационардык текшерүү жана оорулуулардын болжолдуу узактыгы 10-14 суткага чейин болуусуна эсептелген дарылоо;
2) жугуштуу оорулууларды, ошондой эле жугуштуу ооруга шектүү оорулууларды жаза аткаруу системасынын башка медициналык мекемелерине же саламаттык сактоо уюмдарына жибергенге чейин убактылуу обочолоп кармоо;
3) оорулууларды жаза аткаруу системасынын башка медициналык мекемелеринен чыгаргандан кийин адистердин корутундусуна ылайык калыбына келтирип дарылоо;
4) транспортто жүрүүгө болбогон оорулууларды алардын абалы жакшырганга жана жаза аткаруу системасынын медициналык мекемелерине же саламаттык сактоо уюмдарына которгонго чейин стационарда дарылоо.
11. Медициналык бөлүктүн амбулаториясы түзөтүү мекемесинде кармалган айыпталгандарга жана соттолгондорго амбулатордук медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
12. Жаза аткаруу системасынын мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.