РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 396-т (Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар жаатында кызматташтык жана электрондук уруксатты (е-Permit) пайдалануу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) Тескемеси

Редакцияот 03.07.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 3-июлу № 396-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар жаатында кызматташтык жана электрондук уруксатты (е-Permit) пайдалануу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров