Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы N 481 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат) жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 51, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат) (мындан ары - Кызмат) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда, авариялык-куткаруу операцияларын жүргүзүүдө жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар комплексин камсыздоочу, ошондой эле Министрликтин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык коргонуу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматы (Медициналык кызмат)";
- расмий тилде: "Служба медицины катастроф (Медицинская служба) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
4. Кызматтын юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1.
5. Кызмат мекеменин укуктук-уюштуруу формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар.
6. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
2-глава. Кызматтын максаты, милдеттери жана укуктары
7. Кызматтын ишинин максаты саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте өзгөчө кырдаалдарда, өзгөчө абалда, согуш абалында шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
8. Кызмат табигый кырсыктарда, аварияларда, апааттарда, эпидемияларда, локалдуу куралдуу кагылышууларда, террористтик актыларда жана башка өзгөчө кырдаалдарда калкты медициналык-санитардык камсыздоо боюнча иш-чаралар комплексин жүргүзүүгө, калкка шашылыш жардам көрсөтүүгө, мамлекеттик органдар менен саламаттык сактоо уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынчтык мезгилинде Министрликтин кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык кызмат көрсөтүүгө жана пландуу медициналык кароолорду өткөрүүдө Министрликке кызматкерлерди кесиптик психологиялык тандоо жүргүзүүгө арналган.
9. Кызматтын негизги милдеттери:
1) башка органдардын жана уюмдардын медициналык персоналын тартуу менен өзгөчө кырдаалдар учурунда калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу үчүн мобилдүү госпиталды жайгаштыруу;
2) өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү;
3) өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарга медициналык эвакуация жүргүзүү;
4) өзгөчө кырдаалдарда санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
5) медициналык мекемелердин өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу;
6) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда медициналык мекемелердин жана бөлүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялоо;
7) өзгөчө кырдаалдарда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча калкты окутуунун жана куткаруучуларды даярдоонун методикалык негиздерин иштеп чыгуу;
8) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин болжолдоо жана баалоо;
9) өзгөчө кырдаалдардын шарттарында медициналык-санитардык мүнөздөгү маалыматтарды жыйноо, иштеп чыгуу, алмашуу, талдоо жана берүү;
10) медициналык мүлктүн жана материалдык-техникалык каражаттардын резервин алдын ала түзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жабыр тарткандардын санын эске алуу менен дары-дармектерди шашылыш жеткирүүнү камсыз кылуу;
11) тынчтык мезгилинде штаттан тышкаркы аскердик-дарыгердик комиссиянын (АДК) иштеши;
12) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн аскердик-дарыгердик экспертиза жүргүзүү, алардын жарааттарынын, контузияларынын, травмаларынын, майып болушунун, ооруларынын аскердик кызмат өтөөгө себептик байланышын аныктоо;
13) Министрликтин кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү, Министрликтин кызматкерлерин пландуу медициналык кароодон өткөрүү, Министрликтин бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин психологиялык тандоо жүргүзүү;
14) өзгөчө кырдаалдарда калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды координациялоо;
15) апааттык медицина жаатындагы эл аралык кызматташууга катышуу.
16) медициналык-санитардык камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүү үчүн медициналык автомобиль техникасын, мобилдүү госпиталды колдонуу жана зарыл болгон учурда медициналык персоналды тартуу менен жана жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча тынчтык мезгилде жарандык калкка медициналык жардам көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкү функцияларды аткарат:
1) өзгөчө кырдаалдарда калкты медициналык-санитардык жактан камсыз кылууну стратегиялык пландоо;
2) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин жоюуда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын саламаттык сактоо күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу (координациялоо);
3) илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен ар кандай кырдаалды жана медициналык шарттарды моделдөө жана болжолдоо;
4) медициналык жана башка багыттагы ыктыярчылардын ишин координациялоо.
11. Кызмат жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
2) ыкчам нөөмөттүк шашылыш жардам кызматтарынан жана өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик түзүмдөрдөн, нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардан болжолдонгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, туруктуу даярдыктагы күчтөрдүн жана каражаттардын абалы жөнүндө ыкчам маалыматтарды, документтерди, материалдарды, маалымкаттарды жана башка маалыматтарды, кырдаал боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштер жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.