РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПТ № 210 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 16-сентябры ПТ № 210

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Ушул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С. Н. Жапаров