Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 18-октябры ПЖ № 299
Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-октябры № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Аскер кызматкерлеринин пенсиясынын өлчөмдөрүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) пенсия алууга укуктуу жана аскердик кызматын улантып жаткан адамдарды кошпогондо, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну 10,8%га жогорулатсын;
2) республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө каражаттарды карасын;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-октябры № 347 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-октябрындагы № 82 (3636) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| С.Н. Жапаров |