Сравнение редакций…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 токтомуна)
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты коргоо максатында колдонулуучу маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жол-жобосун уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук боюнча талаптарга ылайык жүргүзүлөт.