РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 685-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan» ишканасынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 29.10.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 29-октябры № 685-т

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan" ишканасынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров