С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 7-сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 7-14
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан келип түшкөн № 01-38-19 сандуу каты “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 06-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” №305-Жарлыгын ишке ашыруу максатында С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 06-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” №305-Жарлыгы аткарууга жана жетекчилике алуу максатында айыл өкмөтүнүн иш чараларынын планы бекитилсин.
(1-тиркеме тиркелет)
2. Аймакта “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” №305-Жарлыгын ишке ашыруу максатында аймактын уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин.
(2-тиркеме тиркелет)
3. Айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган иш чараларынын планыны боюнча аткарыла турган иштерин толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүнө милдеттентрилсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев. |
| С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышын 7-сессиясынын №7-14 токтому менен бекитилген №2-тиркеме |
С.Юсупова айыл өкмөтүндө Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде
тиричилтик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча
№305-Жарлыгын аткарууга алуу, калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу
көрктөндүрүү жана жашылдандырууну өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун
Курамы
1. Ахматахунов Т - С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
2. Байназарова Х - айыл өкмөтүнүн соц. коргоо боюнча башкы адиси, комиссиянын төрагасынын орун басары.
3. Юлдашова С - соц кызматкер, комиссиянын катчысы,
4. Хакимова М - айыл өкмөтүнүн жаштар комитети, мүчөсү
5. Амиров М – Октябрь айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
6. Юлдашев М - Пахта-Арал айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
7. Абдураимов А. – Бирлик айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
8. Артиков Б - Кызыл-Дөбө айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
9. Таштемирова С – аскердик аттоо столунун инспектору , мүчөсү.
10. Ризаев М – Араван Тазалык ишканасынын жетекчиси , мүчөсү.
11. Сулеманов Б. - Нооруз айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: |
Мамытова Г. |